Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 18-июну № 101 Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылуу тууралуу «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 11-беренесинин 5-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өгкөрүү боюнча Убактылуу Борбордук комиссиясыныи 2010-жылдын 30-апрелиндеги №5 токтому менен бекитилген Референдумдун комиссияларын түзүү жана таратуу Тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын референдумунун участкалык комиссияларын айрым мүчөлөрүнүн чыгып кетүүсүнө жана комиссиялардын курамында резервдин жоктугуна байланыштуу, 2010- жылдын 27-июнуна дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 Айрым участкалар боюнча референдумдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясый партияларга жана жарандарга кайрылабыз. 2 Референдумдун аймактык (райондук, шаардык) комиссиялары референдун участкалык комиссияларынын курамына жаңы көрсөтүлгөн талапкерлерди киргизсин. 3 Субьекттерге жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирилсин. 4 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумдун (жалпы элдик добуш берүү)…Постановление · 30.04.2010 · № 5
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 21-июнундагы № 106 "Курч кырдаал сакталган жерлерде жашаган жарандардын Референдумда катышууга…Постановление · 21.06.2010 · № 106
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон