Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 4-марты № 9 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 78-беренесинин 3-пунктунун "и" пунктчасына, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламента жөнүндө" мыйзамынын 240-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2010-жылдын 15-февралындагы № 75 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга сунуштамасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык этика жана регламент боюнча Комитетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Б.Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиздердин бардыгы жөнүндө корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясы" саясый партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин депутаты Кадыров Кубанычбек Бекбосуновичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун. 2 Бул токтом "Эркин Too" газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө аппарат жетекчиси К.Базарбаевге жүктөлсүн.
Төрага
Д.Лисовский
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон