Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чаралар
Күчүн жоготкон · 06.08.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 200
1. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин жашыруун банк эсептерин (аманаттарын), көрсөтүүчүнүн эсептерин (аманаттарын) ачууга жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык контрагенттерди жана/же кардарларды аныктамайынча эч кандай операцияларды жүзөгө ашырууга укуктары жок.
Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер, эгер тиешелүү адам тарабынан банктык эсепти (аманатты) ачуу боюнча талаптарды аткаруу, ал боюнча операцияларды жүргүзүү жана кардарды аныктоо боюнча зарыл документтер берилбесе, эгер ачыктан ачык такталбаган документтер берилсе, эгерде ушул жак террористтик же экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегине киргизилген болсо, юридикалык жакка жана жеке адамга банктык эсепти (аманатты) ачуудан же эсеп боюнча операция жүргүзүүдөн баш тартуусу тийиш. Ушул абзацта көрсөтүлгөн учурларда банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимди бузууга укуктуу. Маалымат берүүчү жактар:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын идентификациялоого жана алынган маалыматтарды каттап жазууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте кардардын (юридикалык же жеке жактын) инсандыгын верификациялоого;
- акча каражаттарын же мүлктү тескөөгө укугу бар жактардын ыйгарым укуктарын жана аныктыгын күбөлөндүрүүгө;
- бенефициардык менчик ээсин (пайда табуучуларды) белгилөө жана идентификациялоо боюнча жеткиликтүү жана зарыл чараларды көрүүгө;
- кардарлар жана бенефициардык менчик ээлери (пайда табуучулар) жөнүндөгү маалыматты дайыма жаңылап турууга милдеттүү.
2. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер оффшордук аймакта катталган банктар, алардын өз алдынча юридикалык жок болуп эсептелбеген аффилирленген жактары, туунду банктары жана өзгөчөлөнгөн бөлүкчөлөрү, ошондой эле жеңилдетилген салык режимдери орун алган жана (же) банктык көзөмөл боюнча банктык көзөмөл органдарына маалыматтарды ачык көрсөтүү жана (же) берүү каралбаган мамлекеттерде же аймактарда катталгандар менен тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүүгө укуктары жок.
Ушул чектөөлөр башкы мекемеси оффшордук аймактардан тышкары жайгашкан (катталган) оффшордук аймактарда катталган филиалдар менен тикелей корреспонденттик мамилелерди түзүүгө таркатылбайт. Банк-кабыктарды түзүүгө тыюу салынат. Банк эсептерин ачууга жана жүргүзүүгө укуктуу банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер банк-кабыктар менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө же улантууга, ошондой эле банк-кабыктарга өз эсептеринен пайдаланууга мүмкүндүк беришкен четөлкөлүк финансы мекемелери респонденттер менен операцияларды (бүтүмдөдү) жүзөгө ашырууга каршы сактык чараларын көрүүлөрү тийиш. 2-1. Маалымат берүүчү жактар чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды тейлөөдө (акча каражаттары жана мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруу), ушул беренеде белгиленген чаралардан тышкары:
- тейлөөгө алынуучу же тейленилип жаткан жеке жактардын арасынан саясий мааниге ээ жактарды таап чыгуу боюнча жеткиликтүү чараларды кабыл алууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактарды маалымат берүүчү жактардын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечиминин негизинде гана тейлөөгө алууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактардын акча каражаттарынын же мүлкүнүн пайда болуу булактарын аныктоо боюнча жеткиликтүү чараларды көрүүгө;
- тейлөөдө турган чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар жөнүндөгү колдо турган маалыматты дайыма жаңылап турууга;
- чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар, алардын жубайлары, жакын туугандары (түздөн-түз жана туугандыгы алысыраак (ата-энеси жана балдары, чоң атасы, чоң энеси жана неберелери), бир туугандыгы толук жана толук эмес (атасы же энеси бир болгондор) ага-ини жана эже-карындаштары, багып алгандар жана асырап алынгандар), өкүлдөрү жана иштиктүү өнөктөштөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу акча каражаттары же мүлк менен жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) көбүрөөк көңүл бурууга тийиш.
2-2. Банктык же башка эсептерди ачууга жана жүргүзүүгө укугу бар банктар жана бөлөк финансы-кредиттик мекемелер жана уюмдар чек аралык корреспонденттик мамилелерди жүзөгө ашырууда:
- алар менен корреспонденттик банктык мамилелерди түзө турган же жүзөгө ашырган мекеме-корреспонденттерди идентификациялоого жана верификациялоону жүргүзүүгө;
- мекеме-корреспонденттин ишмердүүлүгүнүн мүнөзү тууралуу маалымат топтоого;
- жалпыга жеткиликтүү маалыматтын негизинде мекеме-корреспонденттин кадыр-баркын баалоону жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө көзөмөлдөөчү органдын болушун аныктоону жүргүзүүгө;
- корреспонденттик банктык мамилелер түзүлгөнгө чейин аткаруучу жетекчиликтин макулдугун алууга;
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселеси боюнча мекеме-корреспондент (банктын кардары болуп саналган) тарабынан колдонулуучу контролдоо механизмдерин баалоону жүргүзүүгө милдеттүү.
2-3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акча каражаттарын өзүнүн кайрымдуулук ишмердүүлүгүнүн алкагында жыйнаган, алган, берген же которгон коммерциялык эмес уюмду кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого максатында пайдаланууга жол бербөөгө багытталган эрежелерди иштеп чыгат.
3. Өзүн каттаган мамлекеттин мыйзам актыларына ылайык оффшордук аймакта катталган компаниянын (коомдун) статусуна ээ болгон юридикалык жак Кыргыз Республикасынын банк-резидентинин уюштуруучусу же акционери боло албайт.
Банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди лицензиялоону жана иштерин жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы субъекттердин, мамлекеттердин жана оффшордук аймактардын тизмесин аныктайт жана алар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүнүн шарттарын жана чектөөлөрүн белгилейт.
4. Маалымат берүүчү жактар төмөнкүлөрдү аткаруулары тийиш:
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерин жана аны жүзөгө ашыруу жол-жоболорун, анын ичинде алардын аткарылышын контролдоонун тиешелүү механизмдерин жана кызматкерлерди жалдоодо тандоо жол-жоболорун иштеп чыгууга;
Караңыз: КР Улуттук Банкынын башкармасынын 2007-жылдын 14-февралындагы № 7/2 "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын ички контроль системасына карата коюлуучу минималдуу талаптар тууралуу" Жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- кардардын ким экенин аныктоого тиешелүү маалыматтарды жана жазууларды, ошондой эле акча каражаттары же мүлктөр менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) тууралу маалыматтарды эсеп жабылган учурдан тартып беш жылдан кем эмес сактоосу. Мындай жазууларда карап чыгууга жана териштирүү үчүн тиешелүү далилдерди көрсөтүү максатында айрым операциялар (бүтүмдөр) калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн алууга жетиштүү маалыматтар болуусу тийиш;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берүү жөнүндө кабарларды ачыкка чыгарбоого. Ушундай маалыматтардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген фактылары жөнүндө үчүнчү жактарга билдирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөнтүз каралган учурларда гана мүмкүн. Акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматкерлери ал уюмдардын кардарларына жана башка жактарга маалыматтардын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилгендиги жөнүндө билдирүүгө укугу жок;
- кылмыштуу кирешелер менен же террористтик же экстремисттик иш менен байланышкандыгы, же ушул максатта колдонула тургандыгы жөнүндө шектенүү туулганда же шектенүүгө негиздер бар болгон учурда, билдирүүнү (өз шектенүүлөрүн баяндап жазуу менен) кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө;
- кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контроль эрежелерин сактоого жана ишке ашырууга жооптуу атайын кызмат адамдарын (жетекчиликтин деңгээлинде) дайындоого;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген тартипте, туруктуу негизде, бирок жылына бир жолудан кем эмес, кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүүгө.
5. Террористтик же экстремисттик ишке же массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышы бар жактардын тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын операциясын (бүтүмүн) токтото туруунун жана операциясын (бүтүмүн) же каражаттарын тоңдуруунун тартибин, ошондой эле аталган тизмекти түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
6. Маалыматтарды берген жактар жана алардын кызматкерлери, шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө тиешелүү ушул Мыйзамда каралган укук ченемдүү милдеттерди аткарууда, эгер ошол аракеттерди көрүүнүн белгиленген тартибин бузууларга жол берилбесе, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга келтирилген чыгымдар, алынбай калган пайдалар же моралдык зыян келтирүүлөр үчүн жоопкерчиликтерден бошотулат.
Операцияларды токтотуу, банктык эсепти (аманатты) ачуу же эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүдөн баш тартуу, ошондой эле ушул статьяда каралган банк эсебин токтотуу жана эсепти жабуу жөнүндө келишимди бузуу маалыматтарды берген жактардын жарандык-укуктук жана башка жоопкерчиликтеринин келип чыгуусуна негиз боло албайт.
7. Маалыматтарды берүүчү жактар ФАТФнын сунуштамаларын колдонушпаган же жетиштүү эмес деңгээлде колдонушкан мамлекеттердин жана аймактардын уюмдары жана жактары, ошондой эле негизги компаниясы ошондой мамлекеттерде жана аймактарда катталган туунду уюмдар, филиалдар жана өкүлчүлүктөр менен ишкер мамилелерге, операцияларга (бүтүмдөргө) өзгөчө көңүл буруулары тийиш. Мындай мамлекеттердин жана аймактардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка көзөмөл органдары менен бирдикте мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
8. Ушул Мыйзамдын жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өздөрүнүн компетенцияларына ылайык тиешелүү көзөмөл органдары тарабынан, ал эми акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүргүзүүчү айрым уюмдардын иш чөйрөсүндө көзөмөл органдары жок болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2009 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Положение о минимальных требованиях к системе внутреннего контроля в микрофинансовых организациях и кредитных союзах Кыргызской Республики в целях противодействия финансированию…Положение · 14.02.2007 · № 7/2
- Постановление Правления Нацбанка КР от 14 февраля 2007 года №7/2 "Об утверждении Положения "О минимальных требованиях к системе внутреннего контроля в микрофинансовых…Постановление · 14.02.2007 · № 7/2 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1926/st-3" title="3-статья - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>