4-статья. Милдеттүү көзөмөлдүн талаптары (шарттары)
Күчүн жоготкон · 06.08.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июня 2009 года № 179
1. Маалымат берген жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Мыйзамда аныкталган критерийлердин тизмегине ылайык милдеттүү контролго алынуучу акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты, операция (бүтүм) жасалган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал тарабынан белгиленген формада берүүгө;
- шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмегине ылайык шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табууга жана алар жөнүндөгү маалыматты, операция (бүтүм) шектүү деп табылган күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө.
Шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) критерийлеринин тизмеги жана алар жөнүндөгү маалыматты берүү жол-жобосу (формасы) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Ал маалымат документ болуп катталат жана төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- бүтүмдүн жана операциянын түрү жана аны ишке ашыруунун негиздери;
- бүтүм жана операция ишке ашырылган күн жана операция жүргүзүлгөн сумма;
- жеке же юридикалык жакты идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматтар;
- бүтүм же операция анын тапшыруусу, же анын атынан жүргүзүлгөн жеке адамдын же юридикалык жактын ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар, салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (ал болсо), жеке адамдын же юридикалык жактын турган жеринин же жайгашкан ордунун дареги;
- ишеним каттын, мыйзамдын же аны берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын актысына негизденген ыйгарым укук аркылуу башка жактын атынан операцияны ишке ашырган жеке адамдын же юридикалык жактын өкүлүнүн ким экенин аныктоо үчүн зарыл маалыматтар, жеке адамдын же юридикалык жактын жашаган ордунун дареги;
- акча каражаттары же башка мүлктөр менен бүтүмдөр операциялар боюнча алуучуну аныктоо үчүн зарыл маалыматтар,
анын ичинде алуучунун аталышы, анын эсебинин номуру.
2. Эгер маалыматтарды берүүчү жактардын кызматкерлеринде кайсы бир операциялар (бүтүмдөр) кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо максатында жүзөгө ашырылып жатканынан шектенүү келип чыкса, ал адам андай операциялар (бүтүмдөр) тууралу маалыматтар ушул Мыйзамдын 6-статьясында каралган операцияларга (бүтүмдөргө) жатаар же жатпасына карабастан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүгө милдеттүү.
3. Маалымат берүүчү жактар, татаал, адаттан тыш ири операциялардын (бүтүмдөрдүн), ошондой эле айкын экономикалык маңызы же айкын мыйзамдуу максаты жок болгон адаттан тыш схема боюнча өткөрүлгөн операциялардын (бүтүмдөрдүн) аныкталган чыныгы жагдайларын документтүү жазууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
Мындай операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилеринин тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
4. Маалымат берүүчү жактар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча, милдеттүү контролдун объектиси болуп калган операциялар (бүтүмдөр) менен байланышкан жана шектүү операцияларга (бүтүмдөргө) карата, анын ичинде кызматтык, коммерциялык, банктык же башка сырды түзгөн кошумча маалыматты жана документтерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл аралык келишимдеринин негизинде берилүүчү документтерди жана маалыматтарды сурап алынгандан тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
(КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III глава Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү боюнча иштерди уюштуруу
Берененин тексти 06.08.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1926/st-4" title="4-статья - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>