2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулган негизги терминдер жана түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 06.08.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 200
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: кылмыштуу кирешелер - кылмыш жасоонун натыйжасында тикелей же кыйыр түрдө алынган же сатып алган кандай гана болбосун экономикалык пайда же мүлк; кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-статьясында каралган, жазыктык жактан жазалануучу коомго коркунучтуу жосун; мүлк - буюмдар, буюм же укук түрүндө жана материалдык баалуулукту көрсөтө турган предметтер жана активдер (Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чет-жакаларында жайгашкан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, асыл таштар жана металлдар, антиквариат жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык башка мүлк), ошондой эле мүлккө болгон укукту жана андагы кызыкчылыкты тастыктоочу юридикалык документтер же актылар; шектүү операциялар (бүтүмдөр) - ушул Мыйзамга ылайык шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерин камтыган шектүү операциялар (бүтүмдөр), башкача айтканда мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык ошол жеке же юридикалык жактын (жактардын) иши үчүн мүнөздүү болбогон, ачык экономикалык же айкын мыйзамдуу максаты жок акча каражаттары же мүлктөр менен жасалган операциялар (бүтүмдөр); ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү же аныкталуучу жана ушул Мыйзамга ылайык шектүү операциялар (бүтүмдөр) жөнүндөгү жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операциялар (бүтүмдөр) тууралуу маалыматты чогултууну, талдоону жана сактоону жүзөгө ашырууга, ошондой эле өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу максатында кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган; террористтик же экстремисттик ишти каржылоо - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган, кылмыш жазасы берилүүчү коомдук кооптуу аракеттер; милдеттүү көзөмөл - ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынган, ага ушул операцияларды жүзөгө ашыруучу маалымат берүүчү жактар тарабынан берилген маалыматтардын негизинде ишке ашырылган акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ошол маалыматтарды текшерүү боюнча көрүлгөн чаралардын жыйындысы; ички контроль - милдеттүү контролго алынуучу операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктап табуу, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен жасалуучу бөлөк операциялардын (бүтүмдөрдүн) алдын алуу боюнча маалымат берүүчү жактар тарабынан көрүлүүчү чаралардын жыйындысы. Ички контролдун жалпы жоболору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет; банк-кабыкча - өзү ал жерде жок болгон мамлекеттерде жана аймактарда каттоодон өткөн жана кандайдыр бир жөнгө салынуучу финансылык топко аффиляция кылынбаган банк; ФАТФ - акчаларды адалдоо жана терроризмди каржылоо менен күрөшүү боюнча эл аралык стандарттарды иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча өкмөттөр аралык уюм (топ); акча каражаттары - Бажы бирлигине мүчө мамлекеттерде же чет мамлекеттерде (чет мамлекеттердин топторунда) жүгүртүүдө болгон жана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган, анын ичинде жүгүртүүдөн алынган же алынып жаткан, бирок жүгүртүүдөгү акча белгилерине, ошондой эле электрондук акчаларга алмаштырылууга тийиш болгон баалуу металлдардан жасалган тыйындарды кошпогондо, банкнота жана казыналык билеттер, тыйындар түрүндөгү акча белгилери; акча инструменттери - жол чектери, векселдер, чектер (банк чектери), ошондой эле мындай төлөм жүргүзүлүп жаткан жак көрсөтүлбөгөн акча каражаттарын төлөө боюнча эмитенттин (карызкордун) милдеттерин күбөлөндүрүүчү документардык формадагы баалуу кагаздар; чет өлкөлүк саясий мааниге ээ жактар - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясий функциялар берилген же берилип жаткан чет мамлекеттердин жарандары (мамлекеттердин же өкмөттөрдүн башчылары, жогорку даражалуу саясий ишмерлер, өкмөттөгү, соттордогу, куралдуу күчтөрдөгү, укук коргоочу жана фискалдык органдардагы жогорку кызмат адамдары, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери), анын ичинде мурункулар дагы; бенефициардык менчик ээси (пайда табуучу) - акча каражаттарына же мүлккө карата менчик ээсинин укугун алып жүргөн жана анын атынан же анын эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасаган адам, же акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) кардар тарабынан жасалышына андай адам менен кардардын ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык тике же кыйыр түрдө таасир көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар адам; идентификация - жеке же юридикалык жактар тарабынан берилген түпнускалардын же документтердин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүнүн негизинде маалымат берүүчү жактар тарабынан төмөнкү маалыматтардын аныкталуусу; жеке жакка карата - фамилиясы, аты, атасынын аты (эгер мыйзамдан же улуттук жөрөлгөдөн башка нерсе келип чыкпаса), жарандыгын, инсандыкты күбөлөндүрүүчү маалыматтар (паспорту) жана чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында турууга (жашоого) болгон укугун тастыктоочу документи, жашаган (катталган) жеринин же турган жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (бар болгон учурда) же социалдык жактан коргоо күбөлүгүнүн номери, акча каражаттарын же мүлктү тескөө боюнча ыйгарым укуктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынуучу башка маалыматтар; юридикалык жакка карата - аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, мамлекеттик каттоо номери же чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоо номери, мамлекеттик каттоодон өткөн жери жана жайгашкан жеринин дареги, салык төлөөчүнүн идентификациялык номери же чет өлкөлүк уюмдун коду, кызмат адамдары тууралуу маалыматтар жана кардардын ишин жөнгө салуучу уставдык документтерге тиешелүү болгон башка маалыматтар; верификация - ички контролду жүзөгө ашыруу максатында, маалымат берүүчү жактар тарабынан жүзөгө ашырылуучу идентификациянын жыйынтыктарын тактоо же тиешелүү түрдө текшерүү боюнча иш-чаралар; операцияны (бүтүмдү) же каражаттарды тоңдуруу - ыйгарым укуктуу органдын тоңдуруу тууралуу тескемесинин негизинде жана анын колдонулуу мөөнөтүнө операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүгө тыюу салуу же каражаттарды берүүгө, кайра өзгөртүүгө, ажыратууга жана которуштурууга тыюу салуу. Тоңдуруу тууралуу тескеме кабыл алынган акча каражаттары же мүлк жеке же юридикалык жактардын менчигинде кала берет жана маалымат берүүчү жактардын башкаруусунда калышы мүмкүн; маалымат берүүчү жактар (ушул Мыйзамга карата) - акча каражаттары же мүлк менен операцияларды же бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана/же жеке жак:
- банктар (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда);
- финансылык уюмдар жана мекемелер (филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда):
кредиттик уюмдар (мекемелер) жана алардын филиалдары; кредиттик кошуундар; камсыздандыруу/кайра камсыздандыруу уюмдары; баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары; ипотекалык компаниялар; пенсиялык активдерди башкаруу боюнча компаниялар; лизингдик (финансылык) компаниялар; кесиптик негизде, анын ичинде эсеп ачпастан акча которуунун адистештирилген системалары боюнча акча каражаттарын же баалуулуктарды которуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар; кесиптик негизде чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу же конвертация менен алектенүүчү жактар (алмаштыруу бюросу); күрөөканалар жана сатып алуу кеңселери; товардык биржалар;
- финансылык эмес коммерциялык түзүмдөр:
(36-абзац КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) лотереяларды уюштуруучу жана өткөрүүчү жактар; мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор; кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүзөгө ашыруучу же кыймылсыз мүлктү алып-сатуу бүтүмдөрүн жүзөгө ашырууда ортомчулук кызмат көрсөтүүчү уюмдар (риэлторлор) жана агенттер (брокерлер); кардар менен накталай ар кандай операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашырган учурда, кымбат баалуу металлдар менен асыл таштар жана алардан жасалган зер буюмдары менен (жана ушундай зер буюмдардын сыныктары менен) операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу жактар;
- акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу башка жактар:
ишеним башкаруусу, анын ичинде трасттык компаниялар (баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй ишмердүүлүктөн башкасы) боюнча кызмат көрсөтүүчү жактар; (43-абзац КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) акча каражаттарын которууну жүзөгө ашыруучу почталык жана телеграфтык байланыш уюмдары. (КР 2009-жылдын 2-июнундагы №179, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 162, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
II глава Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоо алдын алуу
Берененин тексти 06.08.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 декабря 2014 года № 162 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2012 года № 123 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2009 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 08.04.2015 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.07.2015 · № 200 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1926/st-2" title="2-статья - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>