1-статья. Ушул Мыйзамдын максаты, милдети жана колдонуу чөйрөсү
Күчүн жоготкон · 06.08.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года № 87.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2015 года № 200
1. Ушул Мыйзам терроризмди кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы күрөшүүнүн укуктук механизмин түзүү аркылуу жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын финансы системасынын бүтүндүгүн кыянат кол салуудан коргоого багытталган.
2. Ушул Мыйзамдын негизги милдети кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу иш аракеттерге бөгөт коюу, аны аныктап табуу, иликтөө, ошондой эле ушул Мыйзам талабына ылайык шектүү операцияларга (бүтүмдөргө) жана милдеттүү көзөмөлгө алынуучу операцияларга (бүтүмдөргө) тиешелүү маалыматтарды алууга, талдоо жүргүзүүгө жана аларды берүүгө ыйгарым укук берилген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды түзүү боюнча ченемдерди белгилөөчү укуктук негиздерди түптөө болуп саналат. Көрсөтүлгөн орган маалыматтарды берген жактардан ушул Мыйзамга, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына, 2010-жылдын 5-июлундагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин жеке жактар тарабынан которуунун тартиби жөнүндө келишимге, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө багытталган чараларды көрүүнү талап кылууга укуктуу.
3. Ушул Мыйзам кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого байланыштуу жосундарга жол бербөө, бетин ачуу жана ага бөгөт коюу максаттарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын, четөлкө жарандарынын жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын, акча каражаттары же мүлктөр менен операцияларды (бүтүмдөрдү), Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын жана/же акчалай инструменттерди которууну жүзөгө ашырышкан уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында акча каражаттары же мүлктөр менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) жүргүзүлүшүнө көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын мамилелерин жөнгө салат.
4. (КР 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2009-жылдын 2-июнундагы № 179, 2014-жылдын 25-декабрындагы № 162, 2015-жылдын 28-июлундагы № 200 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 200 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 декабря 2014 года № 162 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 июня 2009 года № 179 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 28.07.2015 · № 200 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1926/st-1" title="1-статья - Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>