Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын « Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 31-июлу № 134
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда
жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик
гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген
адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "алыскы" деген сөздөрдөн кийин
"барууга кыйын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-
зам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Калктуу конуштарды бийик тоолуу жана барууга кыйын
зоналарга таандык кылуунун критерийлери
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарында
жашаган адамдар үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө ко-
шумчалардын коэффициенттеринин төмөнкүдөй критерийлери жана өлчөмдөрү
белгиленсин:
бийик тоо боюнча критерийлер:
Топ Бийиктиктин диапазону Коэффициенттин өлчөмү
1 1800-1900 1,1
2 1901-2000 1,2
3 2001-2200 1,3
4 2201-2400 1,4
5 2401-2600 1,5
6 2601-2800 1,6
7 2801-3000 1,7
8 3001 жана андан бийик 1,8
барууга кыйындыгы боюнча критерийлер:
Категория Баруунун критерийлери Коэффициенттин өлчөмү
1 Барыш салыштырмалуу кыйын 1,20
2 Барыш кыйын 1,30
3 Барыш абдан кыйын 1,40
4. 4-статьясынын биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктерге жана компенсаци-
яларга чыгымдарды каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын республика-
лык бюджети болуп саналат.
2-статья.
Өкмөттүн тиешелүү чечимдери менен калктуу конуштар үчүн белгилен-
ген айлык акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөмдөрдүн ко-
эффициенттеринин колдонуудагы өлчөмдөрү, эгерде жањы критерийлерге
ылайык алар азайтылышы же жоюлушу керек болсо, ушул Мыйзам кабыл алын-
ганга чейин мурунку өлчөмүндө калат.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
4-статья.
Бул Мыйзам 2006-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндөЗакон · 28.06.1996 · № 33
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 288 "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана…Постановление · 24.04.2006 · № 288 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 608 "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана…Постановление · 21.12.2007 · № 608 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 384 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 30.08.2007 · № 384 · Күчүн жоготкон