Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья
Күчүндө · 31.07.2006 редакциясы
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген
адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча "алыскы" деген сөздөрдөн кийин
"барууга кыйын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 2-статьясындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Мый-
зам чыгаруу жыйыны" деген сөздөр "Жогорку Кењеши" деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Калктуу конуштарды бийик тоолуу жана барууга кыйын
зоналарга таандык кылуунун критерийлери
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана барууга кыйын зоналарында
жашаган адамдар үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө ко-
шумчалардын коэффициенттеринин төмөнкүдөй критерийлери жана өлчөмдөрү
белгиленсин:
бийик тоо боюнча критерийлер:
Топ Бийиктиктин диапазону Коэффициенттин өлчөмү
1 1800-1900 1,1
2 1901-2000 1,2
3 2001-2200 1,3
4 2201-2400 1,4
5 2401-2600 1,5
6 2601-2800 1,6
7 2801-3000 1,7
8 3001 жана андан бийик 1,8
барууга кыйындыгы боюнча критерийлер:
Категория Баруунун критерийлери Коэффициенттин өлчөмү
1 Барыш салыштырмалуу кыйын 1,20
2 Барыш кыйын 1,30
3 Барыш абдан кыйын 1,40
4. 4-статьясынын биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндал-
сын:
"Ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктерге жана компенсаци-
яларга чыгымдарды каржылоонун булагы Кыргыз Республикасынын республика-
лык бюджети болуп саналат.
Берененин тексти 31.07.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы № 608 "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана…Постановление · 21.12.2007 · № 608 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1925/st-1" title="1-статья - Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>