1-статья
Күчүн жоготкон · 27.07.2006 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 29 декабря 2009 года № 318.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1998-ж., № 4, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толукто-
олор киргизилсин:
1. 7-статьянын биринчи бөлүгүнүн "а" пунктчасындагы ", бирок он
сегиз жаш курагынан ашпайт" деген сөздөр алып салынсын;
2. 9-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга ай сайын берилүүчү бир-
диктүү пособие дайындоо үчүн жыйынды кирешени аныктоонун тартиби жана
айыл чарба ишинен алынуучу кирешелердин ченемдиктери Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењеши тарабынан бекитилет.".
3. 11-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "дарылоо мекемелери тарабынан
белгиленген тартипте медициналык корутундусу" деген сөздөр "МСЭКтин ма-
алымат каты" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 18-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:
"а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) он сегиз жашка чейинки майып балдарга - эгерде пособие алуу
үчүн кайрылуу МСЭК маалымат кат берген күндөн алты айдан кечиктирилбей
берилсе, МСЭК тарабынан маалымат кат берилген күндөн баштап,
көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин кайрылуу жасалган айдан тартып -
алар он сегиз жашка толгонго чейин;";
"б" пунктунда:
"үч" деген сөз "алты" деген сөзгө алмаштырылсын;
шарттуу кыскартылган "ВТЭК" деген сөз шарттуу кыскартылган "МСЭК"
деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 29-статьяда:
аталышы "салык кызматтары" деген сөздөрдөн кийин "жана айыл
өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын;
биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык кызматтары салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык декла-
рацияларынын негизинде ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоо
үчүн граждандарга кирешелери жөнүндө маалымат кат беришет; жердин
өлчөмүн жана көрүнүшүн көрсөтүү менен жер үлүшүнүн бар экендиги жөнүндө
маалымат кат айыл өкмөтү тарабынан берилет.".
Берененин тексти 27.07.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О государственных пособиях в Кыргызской РеспубликеЗакон · 05.03.1998 · № 15 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1924/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик пособиелер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>