Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Республиканын аз камсыз үй-бүлөлөрүн ун менен камсыздоо жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 6-майы № 184-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Республиканын аз камсыз үй-бүлөлөрүн ун менен өздүк наркы боюнча,
мүшөк таранын жана транспорттук чыгымдардын наркын эске алуу менен кам-
сыздоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-
лиги аз камсыз үй-бүлөлөрдүн санын 2008-жылга карата республиканын рай-
ондору боюнча бир аптанын ичинде аныктасын жана Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер
боюнча мамлекеттик агенттикке, облустардын, райондордун мамлекеттик ад-
министрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына маалыматтарды
(разнарядка) берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-
улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- мамлекеттик резервден 2500 тонна аштык буудайдын данын брондон
чыгарсын;
- мамлекеттик резервден брондон чыккан 2500 тонна аштык буудайдын
данын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы
№ 379-б буйругу боюнча брондон чыгарылган аштык буудайдын калдыгынан
тартылган ундун эсебинен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин тизмелери боюнча бир үй-бүлөгө 25 кг эсепте ун
облустарга, райондорго, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жеткири-
лишин камсыздасын;
- унду жеткирүү үчүн "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мам-
лекеттик сатып алууну ишке ашырсын;
- унду сатуудан алынган каражат республикалык бюджеттин кирешесине
чегерилсин;
- мамлекеттик резервден брондон чыгарылган эгинден тартылчу ундун
сапатын контролдосун.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б буйругунун ре-
дакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат
жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буйрукка
ылайык берилчү ундун баасын өздүк наркынын дењгээлинде, мүшөк таранын
баасын жана райондук борборлорго, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары-
на чейин жеткирүүгө транспорттук чыгымдарды эске алуу менен белгилесин.
4. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары,
Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
- ундун сакталышын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары-
нын тийиштүү түзүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек жана соци-
алдык өнүктүрүү министрлигинин разнарядкасы боюнча берилишин камсызда-
сын, ал эми унду сатуудан алынган акча каражатты Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер
боюнча мамлекеттик агенттикке которсун;
- зарыл болсо разнарядкага жараша келген унду Кыргыз Республикасы-
нын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен макулдашуу боюнча
унга муктаж адамдарга жењилдиктүү баа боюнча бөлүштүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сатылган ундун
саны жана аны сатуудан алынган акча каражат жөнүндө апта сайын маалымат
берсин.
5. Унду сатуудан алынган акча каражатты республикалык бюджеттин
кирешесине өз убагында жана толук которуу үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана мате-
риалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директоруна, облустар-
дын жана райондордун мамлекеттик администрация башчыларына, Бишкек жана
Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- унду облустардын жана райондордун мамлекеттик администрациялары-
на, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жеткирүүнү уюштуруу үчүн
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана
материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке 2008-жылга карата
бекитилген бюджеттин чегинде керектүү акча каражат бөлсүн;
- унду сатуудан түшкөн каражат "2008-жылга республикалык бюджет
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-
лорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун
иштеп чыгууда республикалык бюджеттин киреше жана сарптоо бөлүктөрүндө
эске алынсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө, экономика, соода, ту-
ризм жана ишкердик бөлүмүнө жана уюштуруу-инспектордук иштер жана реги-
ондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын тарабынан даярдалган маалыматы жөнүндө) Кыргыз…Распоряжение · 13.09.2008 · № 462
- Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин 2008-жылдын 25-июлундагы №292 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругун тийиштүү түрдө аткарууну…Распоряжение · 25.07.2008 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы №…Распоряжение · 08.09.2008 · № 451
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча"…Распоряжение · 08.09.2008 · № 451-р
Шилтеме берет (5)
- (Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгаруу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуРаспоряжение · 09.10.2007 · № 379
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 28.07.2008 · № 180
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча"…Распоряжение · 08.09.2008 · № 451-р
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23