Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгаруу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 9-октябры № 379-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-ноябрындагы № 462-б буйругунун:18982}
редакциясына ылайык)
Азык-түлүк буудай данына жана унга бааны төмөндөтүү боюнча Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан рыноктун
катышуучуларынын алып сатарлык иш-аракеттерине байланыштуу көрсөтүлгөн
азыктарга баанын кымбатташы сакталууда. Негизги тамак-аш азыктарына
баанын кескин өсүшү өлкөнүн жарандарынын жашоо дењгээлине, айрыкча же-
тишпеген үй-бүлөлөргө терс таасир тийгизүүдө. Өлкөдө 2006-жылдын аягын-
дагы абал боюнча 292,5 мињ жакыр үй-бүлө же 1 млн. 300 мињден ашуун
адам эсептелген.
Республиканын жетишпеген үй-бүлөлөрүн арзан ун менен камсыз кылуу
максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик:
- в установленном порядке произвести разбронирование из государст-
венного резерва и переработать в муку 21 тысячу тонн зерна продовольст-
венной пшеницы производства Республики Казахстан;
- бир үй-бүлөгө 50 кг ун эсебинде Кыргыз Республикасынын Эмгек жа-
на социалдык өнүктүрүү министрлигинин разнарядкасы боюнча унду район-
дордун мамлекеттик администрацияларына жана Бишкек жана Ош шаарларынын
мэрияларына жеткирүүнү камсыз кылсын;
- ушул буйрукка ылайык унду жеткирүү үчүн бир булактан алуу ыкма-
сында транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке
ашырсын;
- түшкөн акча каражаттарына "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үчүнчү класстан төмөн болбогон
базистик кондициялардагы азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервге
сактоого койсун.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы №
462-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ун салын-
ган мүшөктөрдү жана райондук борборлорго жана Бишкек менен Ош шаарлары-
нын мэрияларына чейинки транспорттук чыгымдарды эске алуу менен ушул
буйрукка ылайык сатылуучу унга өздүк наркынын дењгээлиндеги бааны бел-
гилесин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-
лиги жетишпеген үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактасын жана аларды Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материал-
дык резервдер боюнча мамлекеттик агенттикке, облустар менен райондордун
мамлекеттик администрацияларына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына
берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министр-
лигинин разнарядкасы боюнча гана унду бөлүштүрүү жана берүү боюнча
жоопкерчилик облустар менен райондордун мамлекеттик администрациялары-
на, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жана экономика, соода,
туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- (Республиканын аз камсыз үй-бүлөлөрүн ун менен камсыздоо жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-сентябрындагы №184-б буйругуРаспоряжение · 06.05.2008 · № 184
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 487-буйругуРаспоряжение · 23.11.2007 · № 487-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 3-декабрындагы № 513-буйругуРаспоряжение · 03.12.2007 · № 513-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы №…Распоряжение · 08.09.2008 · № 451
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-сентябрындагы № 451-б "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизүү боюнча"…Распоряжение · 08.09.2008 · № 451-р
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 462-б…Распоряжение · 09.11.2007 · № 462
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон