Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Премьер-Министринин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б буйругун тийиштүү түрдө аткарууну камсыздоо максатындагы» буйругу
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 25-июлу № 292
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИНИН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 6-майындагы № 184-б
буйругун тийиштүү түрдө аткарууну камсыздоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссиялар түзүлсүн:
Чүй жана Талас облустары, Бишкек шаары боюнча
Турдумамбетов А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
экономика, соода, туризм жана ишкердик
бөлүмүнүн референти, жумушчу комиссиянын же-
текчиси;
Керимкулов Э.К. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция
кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча
башкармалыгынын улук оперкызматкери;
Такырбашева С.Б. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин ички аудит жана
контролдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Бакасов А.С. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемио-
логиялык көзөмөл департаментинин санитардык
врачы.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары, Ош шаары боюнча
Авиталипов М.Б. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция
кызматынын Ош жана Баткен облустары боюнча
башкармалыгынын улук оперкызматкери, жумушчу
комиссиянын жетекчиси;
Шамигулова З.М. - Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестирлөө боюнча
агенттиктин эксперт - кызматкери (макулдашуу
боюнча);
Шаршеев А.М. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин ички аудит жана
контролдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
Кушубакова М.Ы. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемио-
логиялык көзөмөл департаментинин санитардык
врачы.
Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча
Саткеев М.Ш. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн референти, жу-
мушчу комиссиянын жетекчиси;
Акматов Д. - Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция
кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары бо-
юнча башкармалыгынын оперкызматкери;
Абдуллаев И. - Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык
өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаары жана
Чүй облусу боюнча социалдык кызмат
көрсөтүүлөр боюнча региондук борбордун башкы
адиси;
Акимбаева Г. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо ми-
нистрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемио-
логиялык көзөмөл департаментинин врач-лабо-
ранты.
2. Жумушчу комиссиялар жер-жерлерге чыгуу менен текшерүүлөрдүн жы-
йынтыгы боюнча 2008-жылдын 11-августуна карата Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө материалдарды берсин жана тиешелүү сунуш киргизсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жумушчу комис-
сиялардын иш-аракетин уюштурууга ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
4. Жумушчу комиссиялардын мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары
жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- (Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 25-июлундагы № 292 буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын тарабынан даярдалган маалыматы жөнүндө) Кыргыз…Распоряжение · 13.09.2008 · № 462
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы, № 139-т "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин айрым чечимдери күчүн жоготту жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 17.02.2022 · № 139