Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11- июлундагы №352 «Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө»Буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Правительства КР от 28 марта 2011 года № 85-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2008-жылдын 11-июлу № 352-б "Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июнундагы № 191 Жарлыгын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсебин ачсын.
2. Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсеби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсебин башкаруу боюнча комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсебине инвестициялык каражаттарды тартууга көмөктөшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктан келип чыккан нормативдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы № 352-б буйругуна тиркеме
Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн
атайын эсебин башкаруу боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын - Комиссиянын төрагасы; Премьер-министри Кыргыз Республикасынын - Комиссиянын төрагасынын орун басары. Вице-премьер-министри
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-июлундагы №352 ("Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсеби жөнүндө") ЖобосуПоложение · 11.07.2008 · № 352
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 28.03.2011 · № 85-р
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июнундагы №191 " Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча…Указ · 04.06.2008 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-мартындагы № 85-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 28.03.2011 · № 85-р