Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин « Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө»жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 4-июну ПЖ № 191
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган
шартында калктын аялуу катмарына социалдык
колдоо көрсөтүүнүн кошумча чаралары жөнүндө
Калктын социалдык аялуу катмарына максаттуу жана иштиктүү мамле-
кеттик колдоо көрсөтүүнү күчөтүү максатында токтом кылам:
1. Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында финансылык ка-
ражаттарды топтоо жана аларды калктын социалдык аялуу катмарынын баку-
баттуулук дењгээлине колдоо көрсөтүүгө жумшоо үчүн дайындалган атайын
эсепти ачуу максатка ылайык деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүгө атайын эсеп
ачсын;
- аны түзүүнүн булактарын жана ар жылдагы толтуруу көлөмүн аныкта-
сын;
- уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана эсепти ачуу
менен байланышкан башка маселелерди белгиленген тартипте чечсин;
- өз ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11- июлундагы №352 "Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча…Распоряжение · 11.07.2008 · № 352 · Күчүн жоготкон