Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн («Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын эсеби жөнүндө») Жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-июлундагы
№ 352-б буйругу менен
бекитилген
Калктын аялуу катмарына социалдык
колдоо көрсөтүүнүн атайын эсеби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн
атайын эсебинде топтолгон каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун тар-
тибин регламенттейт.
2. Калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн атайын
эсеби (мындан ары - атайын эсеп) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын-
да финансылык каражаттарды топтоо жана азык-түлүккө баалардын кескин
өсүү шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү үчүн
түзүлөт.
II. Атайын эсептин каражаттарын түзүүнүн булактары
3. Атайын эсепти каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда
жана тартипте мамлекеттик менчиктин объектилерин менчиктештирүүдөн,
"Центерра Голд Инк" корпорациясынын акцияларынын бөлүгүн сатуудан
түшкөн каражаттардын бөлүгү;
- тиешелүү жылга республикалык бюджеттин учурдагы чыгымдарынан 1
процент;
- жыл бою бир жылдын ичинде 4 жолу бирдей үлүштөр менен которулуу-
чу мамлекеттик ишканалардын (мамлекеттик органдарды, саламаттык сактоо
мекемелерин тейлөөчү мамлекеттик автотранспорт ишканаларынан тышкары)
кирешесинен 5 процент;
- эл аралык жана башка уюмдардын максаттуу гранттары;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрымдуулук чегерүүлөрү, кайрым-
дары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген
башка түшүүлөр.
4. Атайын эсепке акча каражаттардын түшүшү улуттук жана чет
өлкөлүк валютада накталай жана накталай эмес формада ишке ашырылат.
III. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануунун тартиптери
5. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөзгө ээ жана төмөнкүдөй
багыттар боюнча азык-түлүккө баалардын жогорулашынын шартында калктын
социалдык жактан аялуу катмарынын бакубаттуулук дењгээлине колдоо
көрсөтүү боюнча иш-чараларга гана арналган:
- калктын аялуу катмары үчүн буудай, ун жана башка тамак-аш про-
дуктуларын сатып алуу;
- калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүгө бир жолку
төлөмдөр.
6. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө чечим Атайын
эсепти башкаруу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан су-
роо-талаптарды кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынат.
Суроо-талаптар мамлекеттик органдар тарабынан гана Кыргыз Респуб-
ликасынын Финансы министрлигине берилет.
Суроо-талаптарды тариздөө, берүү жана каржылоо тартиби, ошондой
эле атайын эсептин каражаттарынын чыгымдарын эсепке алуу тартиби Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленет.
7. Атайын эсептин бөлүнгөн каражаттарын максаттуу эмес багыт боюн-
ча пайдаланууга жол берилбейт.
Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтар Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жылына бир жолу жалпыга
маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш.
Атайын эсепке Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ар жылдык
аудит жүргүзүлөт.
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
8. Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен түзүлөт.
Комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп
эсептелет.
Комиссия өз ишин заседание өткөрүү аркылуу жүргүзөт. Комиссиянын
заседаниелери зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок кварталына 1 жолудан
кем эмес. Комиссиянын заседаниеси Комиссиянын курамынын 2/3 катышкан
учурда мыйзамдуу деп эсептелет.
Комиссиянын заседаниеси боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы ми-
нистрлиги тарабынан аныкталуучу жооптуу катчы тарабынан протокол
түзүлөт жана ага төрага менен жооптуу катчы кол коюшат.
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин орун баса-
ры аткарат.
Атайын эсептен каражаттарды бөлүү жөнүндө Комиссиянын чечими Ко-
миссиянын курамынын жалпы санынын добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен
кабыл алынат.
Комиссиянын чечимине Комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат жана ал Кыр-
гыз Республикасынын Финансы министрлигине аткаруу үчүн жиберилет.
Кабыл алынган чечим менен макул болбогон Комиссиянын мүчөсү өзгөчө
пикирин жазуу жүзүндө билдирүүгө укуктуу.
9. Комиссиянын чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлиги:
- атайын эсептин каражаттарын которуу боюнча акы төлөнүүчү доку-
менттерди тариздейт;
- Комиссиянын чечимдерин аткаруу үчүн текшерүү жана башка иш-чара-
ларды жүргүзөт;
- атайын эсептеги акча каражаттарын эсепке алууну жүргүзөт жана
атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчет түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Комиссиянын жумушчу
органы болуп эсептелет жана Комиссиянын уюштуруучулук, маалыматтык жана
башка ишмердигин камсыз кылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11- июлундагы №352 "Азык-түлүккө баанын кескин жогорулаган шартында калктын аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча…Распоряжение · 11.07.2008 · № 352 · Күчүн жоготкон