Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 3-декабры № 513-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын жа-
кыр үй-бүлөлөрүнө ун жеткирүүнү камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып
алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-майындагы № 124-б буйругуна
ылайык колдонулбаган ундун калдыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуна ылайык сатуу үчүн төмөнкү-
лөрдүн райондук борборлоруна чейин - Талас облусунун - 395 тонна, Нарын
облусунун - 1530 тонна жана Ысыккөл облусунун - 1010 тонна унду жетки-
рүүнү камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы сая-
сат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ушул буй-
рукка ылайык сатылуучу унга бааны көрсөтүлгөн облустардын райондук бор-
борлоруна чейинки транспорт чыгымдарынын жана мүшөктөрдүн баасын эске
алуу менен өздүк наркынын дењгээлинде үч күндүк мөөнөттө белгилесин.
3. Талас, Нарын жана Ысыккөл облустарынын мамлекеттик администра-
циялары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы са-
ясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик белгиле-
ген баа боюнча унду өз убагында кабыл алууну жана жакыр үй-бүлөлөргө
сатууну белгиленген тартипте камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө
жүктөлсүн.
Премьер-министринин
милдетин аткарып жаткан биринчи
вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- (Азык-түлүк буудай данын мамлекеттик резервден брондон чыгаруу жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-октябрындагы № 379-б буйругуРаспоряжение · 09.10.2007 · № 379
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14 майындагы № 124 "Мамлекеттик резервге коюлчу аштык буудайдын сапатын жакшыртуу жана анын өз убагында жаңыртылып турушун камсыздоо…Распоряжение · 14.05.2007 · № 124