Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
7-статья. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 2-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер баяндамада аларга шилтеме берилсе, сыпаттамасы, формуласы жана чиймелери бар табыштама берилген күн боюнча белгиленет. Интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер табыштама ээси аларды өзүнчө табыштама катары жолжоболоп берсе жана бул табыштама кошумча материалдар кабарландырылган чечимдин маани-маңызын өзгөртүп жиберет деп табылгандыгына байланыштуу аларды эске алууга мүмкүн эместиги жөнүндө табыштама ээси кабарландырылган күндөн тартып үч айлык мөөнөт бүткөнгө чейин берилсе, жана ушул табыштама берилген күндө ал боюнча аталган кошумча материалдар берилген күнгө карата табыштама чакыртып алынды деп эсептелбесе, кошумча материалдар берилген күн боюнча жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы белгилениши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, эгер мындай артыкчылык суралып жаткан табыштама жашыруун ойлоп табууга берилген кыйла мурунку табыштаманын күнүнөн он эки айдан кечиктирилбей берилсе, ошол эле табыштама ээсинин ойлоп табууну ачып көрсөткөн кыйла мурунку табыштамасы берилген күн боюнча белгилениши мүмкүн. Мында кыйла мурунку табыштама чакыртылып алынган болуп эсептелет. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы мурда берилген бир нече табыштамалардын негизинде алардын ар бири үчүн көрсөтүлгөн шарттарды сактоо менен белгилениши мүмкүн. Жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгын кыйла мурунку артыкчылык суралган табыштаманын берилген күнү боюнча белгилөөгө мүмкүн эмес.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1869/st-7" title="7-статья - Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>