6-статья. Жашыруун ойлоп табуунун коргоого алынуу жөндөмдүүлүгүнүн шарттары
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Жашыруун ойлоп табуунун коргоого алынуу жөндөмдүүлүгүн аныктоодо ойлоп табуунун Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында белгиленген патенттелүү жөндөмдүүлүгүнүн шарттары колдонулат. Жашыруун ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо техниканын деңгээлине Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган маалыматтар менен катар эле артыкчылыкка кыйла мурда ээ болгон төмөнкүдөй шарттар киргизилет:
- өнөржай менчигинин жашыруун объекттерине берилген Кыргыз Республикасынын коргоо документтери;
- өнөржай менчигинин жашыруун объекттеринин коргоо документтерине Кыргыз Республикасында башка адамдар тарабынан берилген (чакыртылып алынган табыштамалардан башка) табыштамалар;
- жашыруун ойлоп табуунун артыкчылык алуусунан мурда эле Кыргыз Республикасында маалыматтарга мыйзамдуу негизде укуктуу адамдар үчүн белгилүү болгон басылмаларда жана башка маалымат булактарында ачыкка чыгарылган, мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтар.
Жашыруун ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо техниканын деңгээлине кирүүчү мамлекеттик сырды түзүүчү маалыматтардын жашыруундук даражасы билдирилген жашыруун ойлоп табуунун жашыруундук даражасынан жогору болбоосу керек.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1869/st-6" title="6-статья - Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>