Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Ачыкка чыгарылган ойлоп табууга патентин берүү
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 марта 2007 года № 38
Ачыкка чыгарылган жашыруун ойлоп табууга билдирүүчү ээси ал ачыкка чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган патентин берүү жөнүндө расмий өтүнүч бере алат. Коргоо документи Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамында каралган интеллектуалдык менчик маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органга табыштама материалдарды берген күндөн тартып анын калган колдонуу мөөнөтүнө берилет. Эгерде билдирүүчү ээси он эки айдын ичинде расмий өтүнүч бербесе, же аны берүүдөн баш тартса, ал укук жашыруун ойлоп табуунун авторуна (авторлоруна) өтөт. Ачыкка чыгарылган жашыруун ойлоп табуунун артыкчылыгы ушул Мыйзамдын 7-статьясына ылайык табыштаманын материалдары интеллектуалдык менчик жагындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген күн боюнча белгиленет. Ачыкка чыгарылган ойлоп табууга берилген коргоо документи аны берүү жөнүндө расмий өтүнүч берилген күндөн тартып колдонулат жана ачыкка чыгарылган корголгон ойлоп табууну Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык башка жашыруун эмес ойлоп табуунун жаңы экендигин аныктоодо ага берилген артыкчылык күнүнөн тартып техника деңгээлине киргизүү үчүн негиз болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына ылайык берилген жашыруун эмес ойлоп табуунун патент ушул статьянын төртүнчү бөлүгүнүн негизинде ошого окшош ачыкка чыгарылган кыйла мурунку артыкчылыкка ээ ойлоп табууга патент берилгендигине байланыштуу жараксыз деп таанылган учурда жашыруун эмес ойлоп табуунун жараксыз деп таанылган патентинин ээси аны табыштама берген күнгө чейин эле укуктуу негизде пайдалана баштаса, же аны пайдалануу үчүн керектүү даярдоо иштерин жасаса жана эгерде андай ойлоп табуу ачыкка чыгарылган ойлоп табуунун авторуна (авторлоруна) көзкарандысыз жаратылса, ал мындай ойлоп табууну андан ары пайдалануу укугун ойлоп табууну пайдалануунун көлөмүн кеңейтпестен сактап калат. (КР 2007-жылдын 22-мартындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1869/st-11" title="11-статья - Жашыруун ойлоп табуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>