19-берене. Көмүр казып алуунун коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
1. Бардык көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдарда куруу жана пайдалануу мезгилинде эмгектин коопсуз шарттары жана айлана-чөйрөнү коргоо колдонуудагы эрежелерге жана ченемдерге ылайык камсыз кылынууга тийиш.
2. Эмгек коопсуздугунун жана айлана-чөйрөнү коргоонун эрежелери, ченемдери көмүр тармагынын иштеп жаткан бардык ишканалары, ошондой эле тармактын тиешелүү курулуш, долбоорлоо, илим-изилдөө жана окуу уюмдарынын кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
3. Тоо-кенде иштеген бардык кызматкерлер белгиленген ченемдер боюнча жекече коргонуунун каражаттары менен атайын кийим, атайын бут кийим, дем алуу органдарын коргоо каражаттары жана башкалар менен акысыз камсыз кылынат.
4. Эмгек коопсуздугунун эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышына, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча талаптардын аткарылышына, жеке коргонуу каражаттарынын берилишине контролдук кылууну атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле коомдук контролдоо кесиптик бирлик комитеттери тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Эмгек жана өндүрүш коопсуздугунун эрежелери менен ченемдери эмгектин жана өндүрүштүн коопсуздугуна, айлана-чөйрөнү коргоого көзөмөлдүк кылууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын, ошондой эле тиешелүү кесиптик бирликтердин органдарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/185/st-19" title="19-берене - Көмүр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>