20-берене. Көмүрдүн сапатын мамлекеттик жөнгө салуу
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 178
Көмүрдү казып алууда, сактоодо, ташууда жана пайдаланууда көмүрдүн сапатынын ченемдерин, адамдардын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугунун зарыл болгон деңгээлин камсыз кылуу максатында көмүргө жана аны кайра иштетүүнүн продукттарына белгиленген тартипте тиешелүү стандарттар же техникалык шарттар иштелип чыгылат, ошондой эле колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аны милдеттүү сертификациялоо жүзөгө ашырылат. Көмүрдүн жана аны кайра иштетүүнүн продукттарынын колдонуудагы стандарттарга жана техникалык шарттарга ылайык келүүсү жөнүндө талаш маселелер сотто чечилет. (КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 178 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/185/st-20" title="20-берене - Көмүр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>