18-берене. Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдардагы тоо-кен кырсыгынан сактоо кызматы
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Менчигинин түрүнө карабастан бардык көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү уюмдар бекитилген ченемдер жана милдеттүү тартипте түзүлгөн келишимдер боюнча адистештирилген тоо-кен кырсыгынан сактоо бөлүктөрү (АТСБ) тарабынан тейленүүгө тийиш. Көмүр казып алуучу жана көмүрдү кайра иштетүүчү ишканаларды тейлөөнүн ченемдери, түзүмү, даярдыгынын көрсөткүчтөрү жана Тоо-кен кырсыгынан сактоо кызматы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын АТСБсынын күжүрмөн даярдыгын контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик кен көзөмөл органы жүзөгө ашырат. Тоо-кен кырсыгынан сактоо кызматынын күжүрмөн даярдыгын камсыз кылуу боюнча чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/185/st-18" title="18-берене - Көмүр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>