17-берене. Көмүр кени чыккан жерлерди иштетүүдө тоо-кен иштерин жүргүзүүгө карата негизги талаптар
Күчүн жоготкон · 01.11.2022 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 1 ноября 2022 года № 100.
Көмүр чыккан жерлерди иштетүүдө кенде көмүр катмарларынын жайгашуусунун кендик-геологиялык шарттарына ылайык иштетүүнүн техникалык жана экологиялык коопсуздукту жана көмүрдүн корлорун жер катмарынан кыйла толук алууну камсыз кылуучу ыкмалары жана тутумдары колдонулууга тийиш. Көмүр чыккан жерлерде тоо-кен иштерин жүргүзүүдө:
- кен байлыктарын пайдалануу боюнча жана кен көзөмөлүнүн мамлекеттик органдарынын уруксатысыз көмүрү бар аянттарда имараттарды, курулмаларды, иштетилгенден кийинки топурак калдыктарын жайгаштырууга;
- жылышып кетүүчү зоналардын чегинде шахталар жана разрездер өндүргөн негизги продуктыны жайгаштырууга;
- көзөмөл боюнча мамлекеттик органдын тиешелүү корутундусу (чечими) жок иштетилген мейкиндикте жана алардын чегинен сырткары томурулган көмүрдү жана казып алуучу бирдиктердин контурларында акырына чейин иштетилбеген корлорду белгиленген ченемдерден ашык калтырууга тыюу салынат.
Иштердин түрүнө карата көмүрдү казып алуу жана кайра иштетүү менен байланышкан ар бир уюмда:
- көмүр казып алуунун үзгүлтүксүз жана коопсуз шарттарын камсыз кылуучу жолдорду даярдоо;
- жер астында жана жер үстүндөгү көмүр кампаларында көмүрдүн өзүнөн өзү тутануусунан болуучу эндогендик өрттөрдүн алдын алуу;
- кен байлыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо;
- кен алган жерлерди капыстан суу каптоолордон жана жараңка кетүүлөрдөн, ошондой эле эринди жана жаан сууларынын капташынан коргоо;
- жер жана тоо бөлүнүштөрүнүн контурларына ылайык алдын-ала өнөр жайлык чалгындоо;
- тоо-кен иштеринен улам, ошондой эле кен алгандан кийинки калдыктардан бузулган жер кыртышын кайра калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар иштелип чыгууга жана жүзөгө ашырылууга тийиш.
Берененин тексти 01.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/185/st-17" title="17-берене - Көмүр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>