Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 26 декабрындагы №59 «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жонундо» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана озгортуулор киргизуу тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2006-жылдын 26 - декабры №59
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШААР КУРУУ ЖАНА АРХИТЕКТУРА ЖӨНҮНДӨ»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ТОЛУКТООЛОР ЖАНА
ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУ
2005-жылдын 26–декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана
архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору,
1994 — ж., №3, 85 —ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8 - статьянын 1—пункту «органдары» деген сөздөн ки-
йин «жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9 - статьянын биринчи бөлүгү «бийлик органдары» деген
сөздөрдөн кийин «, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары» деген сөздөр менен толукталсын.
3. 13 - статьяда:
1 - пункттун бешинчи абзацындагы «облуска баш ийген
шаар» деген сөздөр «облустук маанидеги шаар» деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
ошол эле пункттун алтынчы абзацындагы «районго баш ийген
шаар» деген сөздөр «райондук маанидеги шаар» деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
5 — пунктта:
үчүнчү абзацтагы «архитектура жана курулуш иштери боюнча
мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы «же жергиликтүү бийлик» деген сөздөр
«бийликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» деген
сөздөр" менен алмаштырылсын.
4. 28 -статьянын төртүнчү абзацындагы
«бийликтин жергиликтүү органдарына» деген сөздөр
«мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 31 - статьянын экинчи бөлүгүндөгү
«бийликтин жергиликтүү органдарынан, министерстволордон
жана административдик ведомстволордон» деген сөздөр
«мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана
уюмдардан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 37 -статьянын 2 - пункту төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
«2. Калктуу жерлердин башкы пландарынын архитектуралык -
пландоо чечимдерин, долбоорлук-пландоо документацияларын
жана алардын бөлүктөрүн өзгөртүү архитектура жана курулуш
иштери боюнча мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.».
7. 39 - статьяда:
1 - пунктунда:
«жер участокторун бөлүп» деген сөздөр «жер участокторуна
укук» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«архитектуралык» деген сөздөн кийин «жана курулуш» деген
сөздөр менен толукталсын;
«жана» деген сөздөн кийин «жергиликтүү өз алдынча» деген
сөздөр менен толукталсын;
2-пункттун биринчи абзацындагы «жергиликтүү бийлик
органдары» деген сөздөр «мамлекеттик бийлик органдары жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
4 - пунктундагы «Бийлик органдарынын уруксатысыз» деген
сөздөр «Белгиленген тартипте берилген уруксатсыз» деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 41 - статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи
абзацындагы «бийликти» жергиликтүү органдары» деген
сөздөр «мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары» деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып
күчүнө кирет.
Президент
Кыргызской Республикасынын К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-декабрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Шаар куруу кодексинин долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2013 · № 711 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII