1-статья. «Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана
Күчүндө · 16.02.2006 редакциясы
архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору,
1994 — ж., №3, 85 —ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана
өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 8 - статьянын 1—пункту «органдары» деген сөздөн ки-
йин «жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 9 - статьянын биринчи бөлүгү «бийлик органдары» деген
сөздөрдөн кийин «, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дары» деген сөздөр менен толукталсын.
3. 13 - статьяда:
1 - пункттун бешинчи абзацындагы «облуска баш ийген
шаар» деген сөздөр «облустук маанидеги шаар» деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
ошол эле пункттун алтынчы абзацындагы «районго баш ийген
шаар» деген сөздөр «райондук маанидеги шаар» деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
5 — пунктта:
үчүнчү абзацтагы «архитектура жана курулуш иштери боюнча
мамлекеттик орган» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацтагы «же жергиликтүү бийлик» деген сөздөр
«бийликтер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» деген
сөздөр" менен алмаштырылсын.
4. 28 -статьянын төртүнчү абзацындагы
«бийликтин жергиликтүү органдарына» деген сөздөр
«мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 31 - статьянын экинчи бөлүгүндөгү
«бийликтин жергиликтүү органдарынан, министерстволордон
жана административдик ведомстволордон» деген сөздөр
«мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдарынан, мекемелерден жана
уюмдардан» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 37 -статьянын 2 - пункту төмөнкүдөй редакцияда
баяндалсын:
«2. Калктуу жерлердин башкы пландарынын архитектуралык -
пландоо чечимдерин, долбоорлук-пландоо документацияларын
жана алардын бөлүктөрүн өзгөртүү архитектура жана курулуш
иштери боюнча мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча
жүргүзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет.».
7. 39 - статьяда:
1 - пунктунда:
«жер участокторун бөлүп» деген сөздөр «жер участокторуна
укук» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
«архитектуралык» деген сөздөн кийин «жана курулуш» деген
сөздөр менен толукталсын;
«жана» деген сөздөн кийин «жергиликтүү өз алдынча» деген
сөздөр менен толукталсын;
2-пункттун биринчи абзацындагы «жергиликтүү бийлик
органдары» деген сөздөр «мамлекеттик бийлик органдары жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары» деген сөздөр
менен алмаштырылсын;
4 - пунктундагы «Бийлик органдарынын уруксатысыз» деген
сөздөр «Белгиленген тартипте берилген уруксатсыз» деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 41 - статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи
абзацындагы «бийликти» жергиликтүү органдары» деген
сөздөр «мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары» деген сөздөр менен
алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.02.2006 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1847/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жонундо» Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолор жана озгортуулор киргизуу тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>