26-статья. Товардык белгини каттоо күчүнүн токтотулушу
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 6 февраля 2014 года № 28
Товардык белгини каттоо күчү төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
1) ушул Мыйзамдын 15-статьясында каралган анын аракет мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу;
2) ушул Мыйзамдын 19-статьясынын үчүнчү бөлүгүнө ылайык, бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга жамааттык товардык белгини пайдалангандыгы үчүн товардык белгини каттоонун аракетин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
3) ушул Мыйзамдын 20-статьясынын бешинчи бөлүгүнө ылайык товардык белгини пайдаланбагандыктары үчүн анын күчүн мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттун чечиминин негизинде;
4) укук мураскорун түзбөстөн юридикалык жакты - товардык белгинин ээсин жоюуда же жеке жактын - товардык белгинин ээсинин ишкердик ишин токтотууда анын аракеттерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде;
5) товардык белгинин белгилүү бир түрдөгү керектөөгө кирген товарлардын жалпы белгисине айланган учурунда мыйзам күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
6) товардык белгинин ээсинин Кыргызпатентке берген арызынын негизинде андан баш тарткан учурда.
Ушул статьянын 1, 4 жана 6-пункттарына ылайык өзүнүн аракеттенүү мөөнөтүн токтоткон товардык белги аракеттенүү мөөнөтү токтотулган күндөн тартып бир жылдын ичинде жаңы адамдын ысмына катталышы мүмкүн эмес. Жалпыга белгилүү товардык белгини каттоонун токтотулушу ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 3-6-пункттарында каралган негиздер боюнча, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгинин ушул Мыйзамдын 17-1-статьясынын 1-бөлүгүндө белгиленген белгилерин жоготкон учурда, Апелляциялык кеңештин чечими боюнча токтотулат. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 6 февраля 2014 года № 28 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарных знаках, знаках обслуживания и наименованиях мест происхождения товаров"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-26" title="26-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>