19-статья. Жамааттык белгини каттоо
Күчүн жоготкон · 24.03.2023 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 24 марта 2023 года №70.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 февраля 2003 года № 46
Жамааттык белгини каттоо ушул Мыйзамдын 12-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Буга кошумча Реестрге жана күбөлүккө жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактар жөнүндөгү маалыматтар, уставга жана анын күнүнө шилтеме киргизилет. Бул маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат. Жамааттык белгинин ээси жамааттык белгинин уставындагы өзгөртүүлөр жөнүндө Кыргызпатентти кабарландырып турат. Жамааттык белгиге берилген өтүнмөнү каттоого жамааттык белгинин уставы кошо тиркелет, анда аталыштар, юридикалык жактардын, бул белгини пайдаланууга укугу барлардын тизмелери, аны каттоонун максаты жана жамааттык белги менен белгилене турган товарлардын бирдиктүү сапаттык же дагы башка жалпы мүнөздөмөсүнүн тизмеси, аны пайдалануунун шарттары, аны пайдаланууну, көзөмөлдөөнүн тартиби, жамааттык белгинин уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндөгү маалыматтар камтылат. Жамааттык белгини бирдиктүү сапаттык же башка жалпы мүнөздөмөлөргө ээ болбогон товарларга пайдаланган учурда, каттоонун күчү кайсы жактын болбосун арызы боюнча соттун чечиминин негизинде мөөнөтүнөн мурда толук же жарым-жартылай токтотулушу мүмкүн. (КР 2003-жылдын 27-февралындагы № 46, 2014-жылдын 6-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/18/st-19" title="19-статья - Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>