Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Биринчи май айылдык кеңешинин «Административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө» токтому
БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
айылдык кеңештин ХХVIII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы 2023-жылдын 11-августу № 149 административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорун өнүктүрүү боюнча мындан андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренеси "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу", Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө", Биринчи май айылдык кеңешинин сесиясы,-
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Биринчи Май айыл аймагын бириктирүүгө макулдук берилсин;
2. Биринчи май жана Беловодск айыл аймактарын бириктирүүдө " Нарзан айыл аймагы " жаңы аталышын берүү боюнча депутаттардын сунушу;
3. Ак-Суу айылынын аталышы мурдагы бойдон калтырылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи май айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Ж. Алыбековго жүктөлсүн.
Биринчи май айылдык кеңешинин төрагасы
Н.И. Акматалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.