35-статья. Кызмат өтөөнү токтотуу үчүн негиздер
Күчүн жоготкон · 25.07.2019 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 июля 2019 года № 102.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 мая 2015 года № 97
1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнү токтотууга төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен кызматтан бошотуу;
- кызматкерди белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таануу;
- кызматкердин каза (курман) болушу;
- аскердик түзүмдөргө, башка аскерлештирилген уюмдарга андан ары кызмат өтөө үчүн командировкага жиберүү:
- Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу, же жарандыкты жоготуу.
2. Аттестацияланган курамдагы адамдарды кызматтан бошотуу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:
- эгерде бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар жана ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарактуу же жарактуулугу чектелүү адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жете электерди запаска чыгаруу (аскердик каттоого алуу) менен;
- эгерде бошонуучулар тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаста турушу үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жетсе, же аскердик-врачтык комиссия аны ден соолугу боюнча аскердик кызматка жарабайт деп тапса, отставкага чыгаруу (аскердик каттоодон чыгаруу) менен.
3. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдар төмөндөгү учурларда кызмат өтөөдөн запаска (аскердик каттоого алуу менен) чыгарылат:
- жаш курагы боюнча, алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде;
- оорусу боюнча - тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу) жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- ден соолугунун чектелген абалы боюнча - ден соолугуна байланыштуу ээлеген кызмат милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой, ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызматка которууга мүмкүнчүлүк болбогондо аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде;
- эгер ал узартылбаса, контракттын мөөнөтү бүткөндө;
- аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо;
- тартипти одоно бузгандыгы үчүн;
- жеке өтүнүчү боюнча;
- штат кыскаргандыгына байланыштуу - уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүн болбогондо.
4. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдар (ушул пункттун он экинчи абзацын кошпогондо, аскердик каттоого алуу менен) төмөндөгү учурларда кызмат өтөөдөн запаска чыгарылат:
- жаш курагы боюнча, алар үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген жашка жеткенде;
- оорусу боюнча - тынчтык учурда аскердик кызматка жараксыздыгы (согуш учурунда - экинчи даражадагы чектелген жарактуулугу) жөнүндө аскердик-врачтык комиссиянын корутундусунун негизинде;
- ден соолугунун чектелген абалы боюнча - ден соолугуна байланыштуу ээлеп турган кызматтагы милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбой жана ден соолугунун абалын эске алуу менен ал иштей алгыдай башка кызмат ордуна которууга мүмкүнчүлүк болбогондо аскердик-врачтык комиссиянын кызматка жарактуулугу чектелүү экендиги жөнүндө корутундусунун негизинде;
- штат кыскаргандыгы боюнча - уюштуруу-штаттык иш-чараларына байланыштуу кызматка пайдаланууга мүмкүн болбогондо;
- аттестациялоо тартибинде кызмат ордуна ылайыксыз болсо;
- жеке өтүнүчү боюнча;
- белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана администрациялык ведомстволорго кызматка которулганына байланыштуу;
- тартипти одоно бузгандыгы үчүн;
- айыптоочу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин кылмышы үчүн соттолгондугуна байланыштуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына кызматка дайындалган жана эл аралык уюмдарга жиберилген кызматкерлерден тышкары, белгиленген тартипте башка министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга которулгандыгына байланыштуу;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондугуна байланыштуу;
- башка мамлекеттин жараны болгондугуна байланыштуу;
- карамагында жүрүү мөөнөтү аяктагандыгы боюнча;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кызматка кабыл алынып жатканда жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды бергендиги үчүн;
- ротация иретинде которуудан жүйөлүү себептерсиз баш тарткандыгы үчүн;
- кылмыш жоопкерчилигине тартылып, бирок кийин кылмыш иши тергөө органдары же сот тарабынан кылмыш иши реабилитациялоочу эмес негиздер боюнча токтотулганда;
- кызматкердин жакын тууганы өзгөчө оор кылмышы үчүн соттолгондо.
5. Кызматтык тартипти одоно бузууга төмөнкүлөр кирет:
- кызматкер тарабынан ушул статьянын 7-пунктунда белгиленген аракеттерди аткаруусу;
- кызматкердин аскердик куралды жоготуусу (согушта жана кылмыштуу кол салуудан жоготкондон башка учурларда);
- ишке чыкпагандыгы, анын ичинде кызматкердин жүйөлүү себептерсиз күн сайын белгиленген кызматтык убакыттын ичинде катары менен 3 сааттан ашык жок болушу;
- кызматкердин кызматка алкоголдук, баңги же токсикалык мас абалда (жылдын ичинде үч жолудан ашык) келиши;
- Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин ыкчам-режимдик жана уюштуруу иштерине терс кесепеттерди алып келген, өз ыктыяры менен кызмат ордун таштоосу.
6. Аттестацияланган курамдагы адамдар төмөндөгү учурларда аскердик каттоодон алынуу менен отставкага чыгарылат:
- жаш курагы боюнча, тийиштүү аскердик наамы бар адамдардын запаска чыгышы үчүн ушул Мыйзамдын 36-статьясында белгиленген чектелген куракка жеткенде;
- оорусу боюнча - аскердик-врачтык комиссиянын аскердик кызматка жараксыздыгы жөнүндө корутундусунун негизинде.
7. Катардагы жана жетекчи курамдын наамына шек келтирген жорук жасаган аттестацияланган курамдагы адамдар кызматтан бошотулат.
8. Бошотулуучу адам ушул статьясынын 2-пунктунда каралгандан башка учурларда, бошотулуп жаткандыгы жөнүндө бошотуулардын алдында 2 айдан кеч эмес тийиштүү начальниктери тарабынан кабарландырылат. Кызматтан өз өтүнүчү менен бошонууну каалаган адам бошонууну пландаган күндөн 2 жума (14 календарлык күн) мурда түздөн-түз начальнигине эскертет жана ал жөнүндө рапорт берет.
9. Катардагы жана кенже жетекчи курамдагы адамдарды кызматтан бошотууну жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ушундай укук берилген начальниктер жүргүзөт.
10. Ортоңку, улук жана жогорку жетекчи курамдагы адамдарды запаска жана отставкага чыгаруу жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
11. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде жана аскер кызматында кынтыксыз кызмат өтөгөн ортоңку жана улук жетекчи курамдагы адамдар жаш курагы боюнча запаска же отставкага чыгарылып жатканда бошотууну жүргүзгөн начальниктердин буйругу менен белгиленген формадагы кийимдерди кийип жүрүү укугу берилиши мүмкүн. Ошол эле начальниктер тарабынан кылмыш кылганы үчүн соттолгон же Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине шек келтирген иштерди жасаган адамдар белгиленген формадагы кийимдерди кийүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.
12. Аттестацияланган курамдагы каза болгон, курман болгон, дайынсыз жок болгон деп таанылган, ошондой эле наамынан ажыратылган адамдар жазык-аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин аттестацияланган курамынын тизмесинен чыгарылат.
13. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынан жана мекемелеринен чыгарылгандан кийин аттестацияланган курамдагы адамдар аскер комиссариаттары тарабынан аскердик каттоого алынат.
14. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамындагы адамдардын согуш учурунда кызмат өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № 95, 2015-жылдын 15-майындагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 мая 2015 года № 97 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждений уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»Редакцияларды салыштыруу
15.05.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине кызматка алынып салынды: кирип кошулду: кабыл алынып жатканда жасалма документтерди жана жалган маалыматтарды бергендиги … мыйзамдары менен аныкталат.
(КР 2013-жылдын 8-июнундагы № алынып салынды: 95 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 95, 2015-жылдын 15-майындагы № 97 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1791/st-35" title="35-статья - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>