6-статья. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөгө кабыл алуудагы жана кызмат өтөөдөгү чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 25.07.2019 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 июля 2019 года № 102.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июня 2013 года № 95
1. Жарандар жазык-аткаруу тутумуна кызматка кабыл алынбайт же жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөй албайт, эгерде ал:
- соттун чечими менен ишке жарамдуу эмес же жарамдуулугу чектелүү деп табылса;
- соттун чечими менен ага мамлекеттик кызматкер катары ишти аткарууга же мамлекеттик кызматтын кайсы бир кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынса;
- соттуулугу жабылганына же алып салынгандыгына же болбосо ага карата жазык кылмышы үчүн реабилитацияланбаган негиздер боюнча жазыктык куугунтуктоо токтотулганына карабастан, соттолгон же соттуулугу бар болсо;
- жазык-аткаруу тутумунан, ошондой эле башка министрликтерден жана ведомстволордон ушул Мыйзамдын 35-статьясынын 5-пунктунда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган тартипти одоно бузгандыгы үчүн бошотулса;
- ушул Мыйзамдын 5-статьясында белгиленген жазык-аткаруу тутумуна кызматка алуу шарттарына жооп бербесе.
Бири-бири менен жакын туугандык байланышта (ата-энеси, жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, балдары, кыздары, ошондой эле жубайынын ага-инилери, эже-сиңдилери, ата-энелери, балдары) болгон кызматкерлерге, эгерде алардын кызмат өтөөсү түздөн-түз бири-биринин баш ийүүсүнө же контролдугуна байланыштуу болсо, жазык-аткаруу тутумунун бир органында же мекемесинде кызмат өтөөгө уруксат берилбейт.
2. Кызматкерлерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- жеке өзү же ортомчулар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө;
- мамлекеттик мүлктү, кызматтык унааны, акча каражаттарын, кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
- өзүнүн кызматтык абалын жеке кызыкчылыгын же жакын туугандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү үчүн пайдаланууга;
- өзүнүн негизги иш-милдетин аткарууга тоскоолдук кылбаган деңгээлде чыгармачылык, илимий жана окутуучулук иштерден тышкары, менчигинин түрүнө карабастан жазык-аткаруу тутумуна кирбеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштыруу менен иштөөгө;
- саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана тыюу салынган диний уюмдардын мүчөсү болууга, иштерине катышууга жана аларды колдоп чыгууга;
- иш таштоолорду, митингдерди жана пикеттерди уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга.
3. Жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жана башка чектөөлөр да колдонулат.
(КР 2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2013-жылдын 8-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июня 2013 года № 95 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики «О прохождении службы рядовым и начальствующим составом органов и учреждении уголовно-исполнительной системы Министерства юстиции Кыргызской Республики»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 июля 2008 года № 161 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1791/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>