Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49 "О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-03.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2015-жылдын 15-майы № 97 "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-главанын аталышында "кирүү" деген сөз "кабыл алуу" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-статьяда:
статьянын аталышында "кирүүнүн" деген сөз "кабыл алынуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарына жана мекемелерине анык аскердик кызматты өтөгөн же үй-бүлөлүк абалына байланыштуу негиздер боюнча альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматтан өткөн, өзүнүн ишкердик жана жеке сапаттары боюнча Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине коюлуучу талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ыктыярдуу негизде кабыл алынат, анын ичинде:
- катардагы жана кенже жетекчи курамдагы кызмат ордуна - жашы 30дан ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалданма кызмат ордуна 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы - 35тен ашпаган адамдар;
- ортоңку жана улук жетекчи курамдагы кызмат ордуна - жашы 35тен ашпаган адамдар; жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде эркин жалданма кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес эмгек стажы бар, жашы 40тан ашпаган адамдар.
Мында аскердик жана альтернативалык (аскерден тышкаркы) кызматты өтөгөндүгүнө карата талаптар аялдарга жайылтылбайт. Аскерден тышкаркы альтернативалык кызматты өтөгөн жарандар ээлей ала турган кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет."; 5-пунктунун экинчи абзацында "ортоңку жана улук жетекчи курамдагы" деген сөздөрдөн кийин ", ыкчам-кызматтык ишке байланышпаган жана жашыруун иш кагаздарына киргизүүнү талап кылбаган" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 7-1-статьянын аталышында "кирээрде" деген сөз "кабыл алынарда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 22-статьянын 3-бөлүгүндө "киргенге" деген сөз "кабыл алынганга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 35-статьянын 4-пунктунун он бешинчи абзацында "кирип" деген сөз "кабыл алынып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 4-мартындагы № 4850-V "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат…Постановление · 04.03.2015 · № 4850-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 4985-V «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат…Постановление · 15.04.2015 · № 4985-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 4984-V «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат…Постановление · 15.04.2015 · № 4984-V
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жабык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөЗакон · 09.01.2006 · № 3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- О признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской РеспубликиЗакон · 03.03.2023 · № 49