1-статья. Терминдер жана аныктамалар
Күчүндө · 06.07.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: агрохимикаттар - практикада кыртыштын асылдуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн пайдаланылуучу жер семирткичтер, кыртыштын химиялык мелиоранттары, тоют консерванттары, ошондой эле айыл чарба продукциясын жана жаратылыш сырьесун, пестициддерди, өстүрүүчү заттарды жана жер семирткичтерди кайра иштетүү жана консервалоо процесстерин агрохимиялык анализдөө, өндүрүштүк-химиялык контролдоо жүргүзүү үчүн химиялык реактивдер; агрохимиялык сервис - айыл чарбасын агрохимиялык тейлөөнү ишке ашыруучу өндүрүштүк ишканалар жана илимий-изилдөө, технологиялык мекемелер тармагы; айыл чарбасын агрохимиялык тейлөө - өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында химиялаштыруу каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча илимий негизделген сунуштарды айыл чарба өндүрүшүнө колдонуу жана иштеп чыгуу боюнча тутум; өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биологиялык препарат - өсүмдүктөрдүн жашоо аракетинин башатындагы микроорганизми же анын жашоосунун продуктусу болуп саналган препарат; өсүмдүктөрдүн оорусу - фитопатогендин же айлана-чөйрөнүн жагымсыз шартынын таасири менен клетканын, органдардын жана бүтүндөй өсүмдүктөрдүн кадыресе зат алмашуусунун бузулушу; булгоочу заттар - адамдын иш-аракет процессинде биосферага түшүүчү, айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн пайда кылуучу, зыяндуу таасирлердин белгиленген ченемдеринен жогору болгон жана адамдын ден-соолугуна, өсүмдүктөрдүн, жаныбарлар дүйнөсүнүн, кыртыштын, атмосфералык абанын жана суунун абалына коркунуч келтирүүчү заттар; өсүмдүктөрдүн зыянкечтери - өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө жөндөмдүү жаныбарлардын түрү, андан келтирилген зыянды четтетүү экономикалык жактан максатка ылайыктуу; өсүмдүктөр үчүн зыяндуу организм - өсүмдүктөрдүн түшүмүн же анын сапатын төмөндөтүүчү организм. Организмге зыяндуу микроорганизмдер, өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү курт-кумурскалар, ошондой эле кемирүүчүлөр, отоо чөптөр ж.б.кирет; пестициддер менен агрохимикаттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо, анын негизинде пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо сыноолорун жана мамлекеттик каттоону ишке ашыруучу аткаруучу бийлик органы пестицид менен агрохимикаттарды чыгарууга, колдонууга, сатууга, ташууга, сактоого, жок кылууга, рекламалоого, Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгарууга уруксат берет; пестициддин таасир этүүчү заты - пестициддин биологиялык жактан активдүү бөлүгү, аны ар кандай препараттык түрдө колдонуу зыяндуу организмдин тигил же бул түрүнө же өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана өнүгүшүнө таасир этет; өсүмдүктөрдүн ооруларын аныктоо - белгилердин топтому боюнча өсүмдүктөрдүн ооруларын табуу; өсүмдүктөрдү коргоо - зыяндуу организмдерден чыгымдарды болтурбоонун жана аны азайтуунун теориялык негиздерин жана усулдарын иштеп чыгуучу прикладдык биологиянын бөлүмү, ошондой эле бул усулдарды колдонууну ишке ашыруучу айыл чарба өндүрүшүнүн бөлүмү; даярдоочу - пестициддер менен агрохимикаттарды чыгарууну ишке ашыруучу жеке же юридикалык жак; өсүмдүктөр карантини - республиканын башка региондорунан жана башка мамлекеттен өсүмдүктөрдүн зыянкечтерин жана оору козгогучтарын, отоо чөптөрдүн киришинен жана жайылып кетишинен өсүмдүктөрдү коргоого багытталган мамлекеттик иш-чаралардын тутумдарын алдын ала көзөмөлгө алуучу өзгөчө тартип; өсүмдүктөрдүн массалык зыянкечтери - түшүмдүн же айыл чарба продукциясынын сапатынын төмөндөшүнө алып келүүчү туруктуу саны менен же көбөйүп кетиши менен мүнөздөлгөн зыянкечтер; өзгөчө тартип - жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана аларга жүктөлгөн кошумча милдеттерди ишке ашырууда ушул Мыйзамда алдын-ала каралган чектөөлөрдү убактылуу белгилөөгө жол берүүчү карантиндик объекттердин очокторунун жайылып кетишин токтотууга жана жоюуга багытталган мамлекеттик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана чарбалардын иш-аракетинин өзгөчө тартиби; пестициддер - өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине же ооруларына, отоо чөптөргө, айыл чарба продукциясынын зыянкечтерине, тиричилик зыянкечтерине жана малдын тери мителерине каршы күрөшүү үчүн колдонулуучу химиялык же биологиялык препараттар, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүшүн, жыйнап алуунун алдында жалбырактарын ажыратуучу (дефолианттар), жыйнап алуу алдында өсүмдүктөрдү кургатууну (десиканттар) жөнгө салуучу препараттар; ХЗУ - химиялык заттардын уруксат кылынган чеги - адамга жана жаныбарларга зыяндуу таасири жок, азык-түлүк продукциясы менен түшүмгө химиялык заттарды колдонуунун максималдуу саны; кыртышка, балык чарба көлмөлөрүндөгү сууга колдонулуучу химиялык заттардын жол берилүүчү жогорку концентрациясы, айыл чарба малынын тоютуна кошулуучу пестициддердин калдык саны; болжолдоо - өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин (ооруларынын) санын, таркалышын жана пайда болуу убактысын болжолдоо; өстүрүүчү заттар (өсүшүн жөндөө) - минималдуу өлчөмдө өсүмдүктөрдүн өсүшүн күчөтүүчү, ал эми жогорулатылган өлчөмдө тескерисинче өсүшүн начарлатуучу ар кандай химиялык курамдын органикалык кошулмасы; иштеп чыгуучу - пестициддерди же агрохимикаттарды алууну, алардын активдүүлүгүн, ууландыруучу түзүлүштөрүн жана айлана-чөйрөгө таасирин изилдөөнү ишке ашыруучу жаран же юридикалык жак; пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуунун регламенти - пестициддер менен агрохимикаттарды колдонуу шартына жана тартибине милдеттүү талаптар; санитардык эреже - иш процессинде химиялык заттар жана пестициддер менен иштеген (ташуу, сактоо, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, канаттууларды, жайларды иштетүүдө, иштетилген үрөндөрдү пайдаланууда ж.б.) адамдардын ууланышын болтурбоо максатында айыл чарбасында аларды колдонуу шартын жөнгө салуучу, алар аркылуу тамак-аш азыктарынын, калк жашаган пункттардын, атмосфералык абанын, көлмөлөрдүн жана суунун булганышын болтурбоо эрежелери. Санитардык эрежелерде айтылган бардык талаптар өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине жана ооруларына каршы күрөшүүнүн биологиялык каражаттарына да жайылтылат; отоо чөптөр - айыл чарба жерлерин каптап кетип, айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирүүчү чөп; жер семирткич - өсүмдүктөрдү азыктандыруучу жана кыртыштын асылдуулугун жогорулатуучу заттар; фитосанитария - зыяндуу организмдердин санын азайтуу же аны жок кылуу боюнча иш чаралар; фитосанитариялык мониторинг - организмдин зыяндуулугунун жайылышынын, санынын өнүгүү интенсивдүүлүгүнүн мүмкүн болуучу деңгээлин болжолдоо жана белгилөө; фитосанитариялык абал - өсүмдүктөрдүн зыянкечтеринин санын, ооруларынын таркалышын жана өсүмдүк отоо чөптөрүнүн бар экендигин аныктоочу абал, жердин, токойдун, өсүмдүктөрдүн абалы; өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо - кыртыштын асылдуулугун жогорулатууга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн көтөрүүгө, зыянкечтерден, оорулардан жана отоо чөптөрдөн тартуучу зыянды болтурбоого жана аны азайтууга багытталган, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо каражаттарын пайдалануу боюнча мамлекеттик, коомдук, чарбалык жана атайын иш-чаралардын комплекси; талаачылыкты жана өсүмдүк өстүрүүнү химиялаштыруу - бул өсүмдүк өстүрүүнүн продуктуулугун жогорулатуу жана айыл чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу үчүн химиялык каражаттарды колдонуу; эпифитотия - өсүмдүктөрдүн массалык оорушу. (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 6 июля 2023 года № 132 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите растений"Редакцияларды салыштыруу
06.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сапатын жогорулатуу үчүн пайдаланылуучу жер семирткичтер, алынып салынды: тоют кошулмалары, кыртыштын химиялык мелиоранттары, тоют консерванттары, ошондой эле … каражаттарды колдонуу;
эпифитотия - өсүмдүктөрдүн массалык оорушу.
кошулду: (КР 2023-жылдын 6-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана…Постановление · 09.10.2019 · № 533 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 1-февралындагы №80 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу"…Постановление · 01.02.2012 · № 80 · Күчүн жоготкон
- 2017-жылдын 29-июнундагы № 412 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук…Постановление · 29.06.2017 · № 412 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 13 ноября 2002 года №770 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О химизации и защите…Постановление · 13.11.2002 · № 770 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/179/st-1" title="1-статья - Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>