Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 1-февралы №80 "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт.".
2. 8-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү "беш" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттарды мамлекеттик каталогуна Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин жана Европа союзунун өлкөлөрүндө катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын аналогдору досьенин регистранты каттоочу сыноо жүргүзбөстөн берген экспертизанын негизинде киргизилет.".
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
- "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестицид менен агрохимикаттардын шайкештигин өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча ишке ашырылат.".
3. 9-беренеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
2-берене.
Бул мыйзам расмий жарыялангандан 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна ТАКТАМА-НЕГИЗДЕМЕ
"Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги ишкердүүлүктүн ишмердүүлүгүнүн жөнгө салуучу укуктук - ченемдик базасын оптималдаштырууну жүргүзүү боюнча берген материалдарды карап чыккандан кийинки жыйынтыктын негизинде, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун 2009-жылдын 14-сентябрындагы № 13 Протоколун ишке ашыруу максатында даярдалган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №344 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында уруксат берилүүчү - жөнгө салуучу системаны оптималдаштыруу үчүн ишкердүүлүктүн ишмердүүлүгүнүн жөнгө салуучу укуктук - ченемдик базасын кайра карап чыгуунун жана оптималдаштыруунун негизги принциптери аныкталган. "Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор административдик тоскоолдуктарды, ишкердүүлүк чөйрөсүндө чектөөлөрдү жок кылуу жана уруксат берилүүчү документтердин санын кыскартуу максатында киргизилген. Кыргыз Республикасынын "Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Мыйзамынын төмөндөгү беренелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү:
1. 1-берененин 1 пункту алынып салынсын, бул ченемге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү негизсиз.
2. Пестициддерди каттоо үчүн сыноолор адамдардын ден-соолугу жана айлана-чөйрө үчүн натыйжалуулукту жана коопсуздукту камсыздоо үчүн пайдалануунун регламенттерин текшерүү максатында жүргүзүлөт. Пайдалануунун биологиялык регламенттерин иштеп чыгуу бөлүгүндө каттоо үчүн сыноолорду айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү зоналарында зыяндуу организмдердин өзгөчөлүгүн (муундардын санын, патогендүүлүк, резистенттүүлүк - туруктуулук, экономикалык мааниси, таралуу ареалы) эске алуу менен жүргүзүлөт.
Каттоо үчүн сыноону жүргүзүү үчүн, өз убагында бардык агротехникалык иш - чараларды жүргүзүүгө, эсеп жана изилдөөлөрдү жана сыноолордун жыйынтыктарын андан ары экспертизалоо үчүн мыйзам чегинде белгиленген тартипте аккредитацияланган илимий (мунун ичинде ылайыктуу адистерге) жана материалдык-техникалык потенциалга ээ болгон юридикалык жактар тартылат. Ошондуктан 5-беренеде кирүү укугуна ээ болуучу уруксат берүүчү системанын аныкталган, мыйзам чегинде белгиленген тартипте аккредитацияланган формасын жокко чыгаруучу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген.
3. 8-беренеге мамлекеттик каттоонун мөөнөтү бөлүмүнө өзгөртүү киргизилет: каттоонун жарактуу мөөнөтү 5 жылдын ордуна 10 жыл белгиленет, мындай чара каттоочунун препараттарды кайрадан каттоо үчүн чыгымдарын азайтууга мүмкүндүк берет. Препараттарды каттоонун мөөнөтүн узартуу "Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолор жана мамлекеттик каттоолор жөнүндөгү" жаңы Жободо көрсөтүлгөн.
Ошондой эле бул статьяга жаңы абзац киргизилет, бул эгерде агрохимикат жана пестицид башка өлкөлөрдө (КМШ, ЕС) катталган болсо жана каттоочу жүргүзүлгөн тажрыйбанын негизиндеги берген досьеге таянып каттоо үчүн сыноолорду жүргүзбөстөн, ошол пестициддердин аналогдору катталат жана пестицидке каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүүгө чыгымдарды жумшабаска мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ушул эле беренеде өндүрүүчүнүн же алып келүүчүнүн катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына шайкеш келүүчүлүгү жөнүндө декларациялоону киргизүү каралат. Мында "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карама-каршы болгон, пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоолорду уюштурууну жүргүзүүчү аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укугу бар уюмдар белгилеген тартипте пестициддерди жана агрохимикаттарды стандартташтыруу жана милдеттүү түрдө сертификациялоону киргизген, Мыйзамдын 9-беренеси алынып салынат. Мыйзам коомдук талкуу жүргүзүү үчүн Өкмөттүн жана Айыл чарба министрлигинин сайтына жайгаштырылды. Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде "Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун колдоону зарыл деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри
Т.Беков
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунушталган редакция |
|---|---|
| 1-статья. агрохимикаттар - практикада кыртыштын асылдуулугун жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн, продукциянын сапатын жогорулатуу үчүн пайдаланылуучу жер семирткичтер, тоют кошулмалары, кыртыштын химиялык мелиоранттары, тоют консерванттары, ошондой эле айыл чарба продукциясын жана жаратылыш сырьесун, пестициддерди, өстүрүүчү заттарды жана жер семирткичтерди кайра иштетүү жана консервалоо процесстерин агрохимиялык анализдөө, өндүрүштүк-химиялык контролдоо жүргүзүү үчүн химиялык реактивдер; | 1. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү зарыл эмес болгондуктан 1-статьянын 1-пункту өзгөрбөстөн калтырылсын. |
| 5-статья. Пестицидцер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноону юридикалык жак жүргүзөт, ал үчүн илимий жана материалдык-техникалык жактан, тиешелүү профилдеги жана квалификациядагы адистер менен камсыз болушу зарыл жана пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча ошондой сыноолорду жана мамлекеттик каттоолорду уюштурууну ишке ашыруучу аткаруучу бийликтин атайын ыйгарым укуктуу органы уруксат берет. | 2. 5-СТАЬЯНЫН 2-БӨЛҮГҮ ТӨМӨНКҮДӨЙ РЕДАКЦИЯДА БАЯНДАЛСЫН: "Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген юридикалык жактар жүргүзүшөт". |
| 8-статья. Калган учурларда аларды мамлекеттик каттоо беш жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестицид менен агрохимикаттардын Мамлекеттик каталогун пестициддер менен агрохимикаттарды каттоо боюнча сыноо жүргүзүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашырган атайын ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт. | 3.8-СТАТЬЯДА: 1-БӨЛҮГҮНҮН ЭКИНЧИ СҮЙЛӨМҮНДӨГҮ "БЕШ" ДЕГЕН СӨЗ "ОН" ДЕГЕН СӨЗГӨ АЛМАШТЫРЫЛСЫН; 5-БӨЛҮГҮ ТӨМӨНКҮДӨЙ РЕДАКЦИЯДА БАЯНДАЛСЫН: "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга досьенин регистранты каттоочу сыноо жүргүзбөстөн берген экспертизанын негизинде уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттарды мамлекеттик каталогуна Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин жана Европа союзунун өлкөлөрүндө катталган пестициддердин жана агрохимикаттардын аналогдору киргизилет.". ТӨМӨНКҮДӨЙ МАЗМУНДАГЫ 6-БӨЛҮК МЕНЕН ТОЛУКТАЛСЫН: "Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген пестицид менен агрохимикаттарды өндүрүүчүнүн же берүүчүнүн шайкештигин ырастоосу тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген форма боюнча ишке ашырылат". |
| 9-статья. Пестициддер менен агрохимикаттарды стандартташтыруу жана сертификациялоо | 4. 9-СТАТЬЯ КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ЭСЕПТЕЛСИН. |
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министри
Т.Беков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы №2042-1-V "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 14.06.2012 · № 2042-1-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 1777-V "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 06.04.2012 · № 1777-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1916-V "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү…Постановление · 17.05.2012 · № 1916-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы №344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө"…Указ · 23.07.2007 · № 344 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67