Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуу
КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 44 Мыйзамы менен ратификацияланган
Астана шаары
2006-жылдын 4-июлу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-
на Казакстан Республикасынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы
саясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалык же башка кызматташуу-
нун жүрүшүндө жүргүзүлгөн жашыруун маалыматтарды алмашууну, ошондой эле
Тараптардын мындай кызматташуусунун процессинде келип чыккан жашыруун
маалыматтарды коргоону камсыз кылуу каалоосуна таянып,
Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жашыруун
маалыматтарды коргоону камсыз өздөрүнүн мамлекеттеринин өз ара кызыкчы-
лыктарын эске алып,
Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-өлкөлөрүнүн
мамлекеттер ортосундагы маалыматтардын жашырындуулугун өз ара камсыз
кылуу жөнүндө 1993-жылдын 22-январындагы Макулдашууну ишке ашырууда өз
ара кызыкчылыктарды эске алып,
төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-статья. Терминдердин аныктамасы
Бул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет:
"жашыруун маалымат" - Тараптар ар бири менен белгиленген жана ушул
Макулдашууга ылайык берилген Тараптардын улуттук мыйзамына ылайык кор-
голгон, ошондой эле санкциясыз таратуу Тараптардын улуттук коопсуздугу-
на жана кызыкчылыгына зыян келтире турган, Тараптардын кызматташтык
процессиндеги келип чыккан жана бардык формада айтылган маалыматтар;
"жашыруун маалыматтын ээ болуучусу" - материалдык объектилер, анын
ичинде символ, түр, сигнал, техникалык чечим жана процесстер сыяктуу
жашыруун маалымат өзүнүн түрүн тапкан физикалык талаалар;
"жашырындуулуктун грифи" - жашыруун маалыматтын ээ болуучусуна ко-
юула турган же ээ болуучуда болгон жашыруун маалыматтын дењгээли туура-
лу күбөлөндүрүп, аны жиберүүчү документацияга коюлган реквизиттер;
"жашыруун маалыматка кирүүгө уруксат" - жашыруун маалыматка
кирүүгө жеке адамдын укугун тариздөө жол-жобосу, ыйгарым укуктуу орган-
дарга болсо - мындай маалыматты колдонуу менен иш жүргүзүүгө;
"жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүк" - жашыруун маалыматка кирүүгө
уруксат болгон жеке адамды жашыруун маалымат менен тааныштыруу процес-
си;
"келишим" - Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда
түзүлгөн жана жашыруун маалыматтын берилишин же түзүлүшүн белгилеген,
биргелешкен иштерди жүргүзүүгө же продукцияны ташып келүүгө келишим же
контракт;
"ыйгарым укуктуу орган" - Тараптардын кызматташтык процессинде бе-
рилген жана (же) алынган жашыруун маалыматты алууга, сактоого, коргоого
жана колдонууга Тараптар менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган
же уюм;
"координациялоочу орган" - ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча
аракетти координациялоо үчүн жооптуу Тараптардын мамлекеттик органы.
2-статья. Жашыруун маалыматты аныктоо
Төмөнкүлөр жашыруун маалымат болуп саналат:
Кыргыз Республикасында:
Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,
экономикалык жана саясий кызыкчылыгына тиешелүү, мамлекеттин контролун-
дагы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде аткаруунун
жана аны иштелип чыккан атайын тизмек жана эрежелер менен чектелген
бардык ээ болуучу түрлөрү тарабынан сакталуучу жана колдонулган, мамле-
кет тарабынан корголгон маалымат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары мамлекеттик, аскердик
жана кызматтык сырлар болуп бөлүнөт.
Мамлекеттик жашыруун сырга аны таратуу Кыргыз Республикасынын кор-
гонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчы-
лыктарына зыян келтире турган маалыматтар кирет.
Аскердик жашыруун сырды аны таратуу Кыргыз Республикасынын кызык-
чылыктарына жана Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган аскердик
мүнөздөгү маалыматтар түзөт.
Кызматтык жашыруун сырга аны таратуу Кыргыз Республикасынын корго-
нуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчы-
лыктарына тескери таасирин тийгизүүчү маалыматтар кирет. Мындай маалы-
мат мамлекеттик же аскердик жашыруун сырга кирет, айрым мүнөздөгү маа-
лыматты камтыйт жана ал алардын сырын толук ачып бербейт.
Жашыруун маалыматтарды санкциясыз таратуунун натыйжасында Кыргыз
Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык
жана саясий кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн экендигине карата
жашыруун маалыматтын ээ болуучусуна төмөндөгү чектелген жашырындуулук
грифтери берилет:
"өзгөчө маанилүү" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана аны тара-
туу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,
экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маа-
лымат;
"өтө жашыруун" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана аны таратуу
Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, эконо-
микалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маалымат,
ошондой эле аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана аны таратуу Кыргыз
Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган маалымат;
"жашыруун" - аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана анын таратуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган маалымат,
ошондой эле мамлекеттик жана аскердик сырга тиешелүү, ошону менен бирге
аны таратуу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсузду-
гуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тескери таасир берген
жана анын толук эмес берилген айрым мүнөздөгү болгон кызматтык сыр ка-
тегориясындагы маалымат;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "өзгөчө маанилүү", "өтө
жашыруун" жана "жашыруун" грифтери менен болгон жашыруун маалымат мам-
лекеттик сырга кирет;
Казакстан Республикасында:
аскердик, экономикалык, илимий-техникалык, тышкы экономикалык,
тышкы саясий, чалгындоо, каршы чалгындоо, оперативдүү-иликтөө жана эл
аралык укукта жалпы кабыл алынган ченемдерге каршы келбеген башка ара-
кеттерди ишке ашыруу максатында таратылышы мамлекет тарабынан чектел-
ген, мамлекеттик жана кызматтык сырды түзгөн, мамлекет тарабынан кор-
голгон маалымат.
Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуунун натыйжасында Казакстан
Республикасынын улуттук коопсуздугуна же мамлекеттик органдарынын жана
уюмдарынын же өлкөнүн экономика тармагына зыян келтириши мүмкүн боло
тургандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн жашыруун маалыматтын ээ болуучусу-
на тиешелүү жашырындуулук грифи коюлат:
"өзгөчө маанилүү" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-
мий-техникалык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөө
аракеттери тармагына тиешелүү маалыматтар жана аны таратуу бир же бир
нече аталган тармактардагы Казакстан Республикасынын улуттук коопсузду-
гуна зыян келтирет;
"өтө жашыруун" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-
мий-техникалык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөө
аракеттери тармагына тиешелүү маалымат, аны таратуу Казакстан Республи-
касынын улуттук коопсуздугуна, мамлекеттик органынын кызыкчылыктарына
же өлкөнүн экономика тармагындагы бир же бир нече аталган тармактарына
зыян келтириши мүмкүн;
"жашыруун" - аскердик, тышкы саясий, экономикалык, илимий-техника-
лык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөө иш-аракеттери
тармагына тиешелүү маалымат, анын жоголушу же таратылышы мамлекеттик
органдардын жана уюмдардын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн жана
мамлекеттик сырды түзгөн айрым маалыматтар.
"Өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" грифтери бар маалыматтар
мамлекеттик сырды, "жашыруун" грифи менен - кызматтык сырды түзөт. Ка-
закстан Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик жана кызматтык
сырды түзгөн маалыматтар мамлекеттик сырга кирет.
3-статья. Жашырындуулук даражалардын салыштырмалуулугу
Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык
белгилеген жашырындуулук даражасы жана аларга тиешелүү жашырындуулук
грифтери төмөндөгүдөй салыштырылат:
Кыргыз Республикасында: Казакстан Республикасында:
"Өзгөчө маанилүү" "Аса мањызды"
"Өтө жашыруун" "Өтө күпия"
"Жашыруун" "Күпия"
4-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чаралар
Тараптар төмөнкүгө милдеттүү:
1) экинчи Тараптан берилген же Тараптардын кызматташуу процессинде
келип чыккан жашыруун маалыматтарды коргоого;
2) берген Тарап койгон жашырындуулук грифин жазуу түрүндөгү анын
макулдугусуз өзгөртпөөгө;
3) жашыруун маалыматты пайдаланууда жашырындуулугу өзүнүн жашыруун
маалыматына карата ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык салыштырылган
жашырындуулук даражасын колдонгон коргоо чараларды көрүүгө;
4) экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маа-
лыматты аны берген максатта гана каралгандай колдонууга;
5) берген Тараптын алдан ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз жашыруун
маалыматка жеткиликтүүлүккө үчүнчү Тарапка жол бербөөгө.
2. Жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүккө аларды берүүдө каралган
максатта кызматтык милдетти аткаруу үчүн, ошол маалымат менен таанышуу
үчүн керектөөчү адамга гана уруксат берилет. Жашыруун маалыматка жетки-
ликтүүлүккө ага атайын уруксаты бар адамга гана мүмкүндүк берилет.
3. Жашыруун маалыматты колдонуу боюнча милдеттенмелер жана аны
коргоо боюнча чаралар толук берилген жашыруун маалыматтарды коргоо бо-
юнча кошумча талаптар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан
түзүлгөн келишимдерде каралышы мүмкүн.
5-статья. Жашыруун маалыматты берүү
1. Бир Тараптын координациялоочу органы экинчи Тараптын координа-
циялоочу органынан биринчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан тиешелүү
жеткиликтүүлүктүн бар болгонун, ошондой эле аны тийиштүү коргоого ке-
ректүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн жазуу жүзүндө күбөлөндүрүүнү
сурайт.
2. Айкын жашыруун маалыматты берүү тууралуу чечим Тараптардын мам-
лекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ар бир учурда Тараптар тарабы-
нан кабыл алынат.
3. Жашыруун маалыматты биринчи мамлекеттен экинчиге берүү дипло-
маттык каналдар боюнча, шифрделген документ байланыш каналдары, фельдъ-
егердик кызмат же аскердик-курьердик кызмат боюнча Тараптар катышуучу
болгон эл аралык макулдашууларга ылайык берилет. Тийиштүү ыйгарым укук-
туу орган жашыруун маалымат алгандыгын аныктайт.
4. Ири көлөмдөгү жашыруун маалыматты берүү үчүн тиешелүү ыйгарым
укуктуу органдар ушул Макулдашууга ылайык ар бир учурда ташуу ыкмала-
рын, маршрутту жана коштоо формаларын макулдашат.
Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары мындай ташуунун ар бир учур-
лары жөнүндө тиешелүү маалыматтарды алмашып турушат.
6-статья. Жашыруун маалыматтар менен иштөө
1. Өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматка аны кабыл алууга жооптуу
болгон ыйгарым укуктуу орган Ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык са-
лыштырылуучу кошумча жашырындуулук грифин коюуга тийиш.
Жашырындуулукту гриф менен белгилөөнүн милдеттүүлүгү котормонун,
көчүрмө түшүрүүнүн же нускалоонун натыйжасында Тараптардын кызматташтык
процессиндеги топтолгон жашыруун маалыматтарга коюлат.
Берилген жашыруун маалыматтын негизинде топтолгон жашыруун маалы-
матка берилген жашыруун грифинен төмөн болбогон жашырындуулук грифи ко-
юлат.
2. Жашыруун маалымат өздөрүнүн жашыруун маалыматтарынын талаптары-
на ылайык сакталат жана эске алынат.
3. Алынган маалыматтын жашырындуулук даражасы аны берген Тараптын
ыйгарым укуктуу органынын атайын жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча гана
өзгөртүлөт же алынып салынат.
Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органы мындай билдирүүнү алгандан ки-
йин экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маалы-
маттын ээ болуучусуна жашырындуулук грифин өзгөртүү боюнча чараларды
колдонууга 30 күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
Тараптардын кызматташтык процессинде пайда болгон жашырындуулук
даражасы, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара макулдашуусу
боюнча аныкталат, өзгөртүлөт же алынып салынат.
4. Жашыруун маалыматтын ээ болуучулары аларды берген Тараптын ый-
гарым укуктуу органынан жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча кайтарылат же
жок кылынат.
Жашыруун маалыматты жана анын ээ болуучуларын көбөйтүү (нускалоо)
аларды берген Тараптын ыйгарым укуктуу органынан жазуу түрүндөгү урук-
саты боюнча жүргүзүлөт.
Жашыруун маалыматты жок кылуу документтештирилет, ал эми жоюу про-
цесси аны кайта калыбына келтирүү мүмкүн эместигине кепил болууга ти-
йиш.
7-статья. Келишимдер
Ыйгарым укуктуу органдардын түзгөн келишимдерине төмөнкүлөрдү бел-
гилеген өзүнчө бөлүк киргизилет:
- жашыруун маалыматтын тизмеги жана анын жашырындуулук даражасы;
- жашыруун маалыматты коргоонун өзгөчөлүгү;
- талаш жагдайларды чечүү жана жашыруун маалыматтарды санкциясыз
таратууда болуучу зыяндын ордун толтуруу тартиби.
8-статья. Координациялоочу органдар
1. Тараптардын координациялоочу органдары төмөнкүлөр:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
кызматы;
Казакстан Республикасында - Казакстан Республикасынын Премьер-ми-
нистринин Канцеляриясы.
2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координаци-
ялоочу мамлекеттик орган өзгөргөн учурда Тараптар мындай өзгөрүүлөр ту-
уралуу бири-бирине өз убагында билдиришет.
9-статья. Консультациялар
1. Тараптардын координациялоочу органдары ушул Макулдашууну атка-
руу үчүн зарыл болгон жашыруун маалыматты коргоо тармагындагы өз мамле-
кеттеринин тиешелүү ченемдик укуктук актыларын алмашат.
2. Ушул Макулдашууну аткарууда кызматташтыкты камсыздоо максатында
Тараптардын координациялоочу органдары биринин өтүнүчү боюнча биргелеш-
кен консультацияларды өткөрүшөт.
10-статья. Ишсапарлар
1. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн экинчи Тараптын
мамлекетинин жашыруун маалыматтарына жеткиликтүүлүгүн белгилеген ишса-
пары кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында белгиленген
тартипте жүргүзүлөт. Мындай барууларга уруксат ушул Келишимдин 4-стать-
ясынын 2-пунктунда белгиленген адамдарга гана берилет.
2. Мындай ишсапарлардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылууну жиберип
жаткан Тараптын координациялоочу органы болжолдонгон ишсапар башталаар-
дан 4 (төрт) жумадан кеч эмес убакта кабыл алып жаткан Тараптын мамле-
кетинин координациялоочу органына жөнөтөт.
Мындай ишсапардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылуу кабыл алып жаткан
Тараптын мамлекетиндеги кабыл алынган процедуралардын негизинде түзүлөт
жана төмөнкүдөй маалыматты камтыйт:
- ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн фамилиясы жана аты, туулган
күнү жана туулган жери, жарандыгы жана паспортунун номери;
- ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн кызматы жана кесиби, ал иште-
ген ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- тиешелүү жашырындуулук даражасы менен жашыруун маалыматка урук-
саты бар экендиги;
- ишсапардын болжолдонгон күнү жана узактыгы, бара турган ыйгарым
укуктуу органдын аталышы, баруу максаты, талкуулануучу маселелерге тие-
шелүү бардык пайдалуу көрсөтмөлөр, ошондой эле таанышуу болжолдонгон
жашыруун маалыматтын жашырындуулук даражасы;
- жолугушуу пландаштырылган адамдардын кызматы, фамилиясы жана
аты.
3. Ушул Макулдашуунун алкагында бир Тараптын ыйгарым укуктуу ор-
гандарынын өкүлдөрү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына келгенде ка-
был алып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамында белгиленген
тартипте каттоодон өтүшөт.
4. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрүнүн экинчи Та-
раптын мамлекетинин жашыруун маалыматтарына түздөн-түз жеткиликтүүлүгү
кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамынын талаптарына
ылайык жүргүзүлөт.
11-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу
боюнча чыгымдар
Ар бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын жашыруун маалыматты кор-
гоо боюнча чараларды өткөрүүгө байланыштуу ушул Макулдашуунун алкагында
келип чыккан чыгымдары өз алдынча тартылат жана экинчи Тараптын ыйгарым
укуктуу органы тарабынан төлөнбөйт.
12-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузуу жана
зыяндын ордун толтуруу
1. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратууга алып келген жашыруун
маалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда, ошол бузуулар болгон
аймактагы Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тергөө
жүргүзүлүп, тиешелүү Тараптын координациялоочу же ыйгарым укуктуу орга-
ны экинчи Тараптын координациялоочу же ыйгарым укуктуу органына окуянын
жагдайлары, анын кесепеттери жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө дароо
билдирет.
2. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуудан болуучу зыяндын
өлчөмү жашыруун маалыматы санкциясыз таратылган Тараптын мамлекетинин
улуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
13-статья. Талаш-тартыш маселелерди чечүү
Бул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыккан
талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультацияларды жана
сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет.
14-статья. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс
бөлүгү болуп саналган атайын протоколдор менен таризделет.
15-статья. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонууну
токтотуу
1. Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн за-
рыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы
жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушул
Макулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген тиешелүү
жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты ай
өткөнгө чейин колдонулат.
3. Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптардын
кызматташтык процессинде берилген же түзүлгөн жашыруун маалыматка кара-
та жашырындуулук грифи алынмайынча, ушул Макулдашуунун 4-статьясында
белгиленген аны коргоо боюнча чаралар колдонула берет.
Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки түп нускада, ар бири
кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-
дей күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан
учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 222-б (Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин "Тынчтык миссиясы - 2012"…Распоряжение · 26.05.2012 · № 222-р
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-августундагы ПТ № 148 (Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Иран Ислам Республикасынын…Распоряжение · 11.08.2022 · № 148
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-апрелиндеги ПТ № 78 "Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттин статусун алуу максатында Беларусь Республикасынын…Распоряжение · 26.04.2023 · № 78
- 2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы 2007-жылдын…Закон · 05.03.2021 · № 25
- КР Президентинин 2019-жылдын 19-апрелиндеги ПБ № 81 (Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга…Распоряжение · 19.04.2019 · № РП № 81
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 20-январындагы № 4319-VI "2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды…Постановление · 20.01.2021 · № 4319-VI
Шилтеме берет (2)
- Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 27-июнунда кол коюлган макулдашуу…Закон · 05.04.2008 · № 41
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда кол коюлган…Закон · 05.04.2008 · № 44