Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин «Тынчтык миссиясы - 2012» биргелешкен террористтерге каршы командалык-штабдык машыгууларын өткөрүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 26-майы № 222-б Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин ортосундагы 2007-жылдын 27-июнундагы биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Макулдашууга ылайык 2012-жылдын 8-июнунан баштап 14-июнуна чейинки мезгилде Тажик Республикасынын аймагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин "Тынчтык миссиясы - 2012" биргелешкен террористтерге каршы командалык-штабдык машыгууларын өткөрүү пландалып жатат. Машыгууларда катыша турган Казакстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын коргоо министрликтеринин бөлүкчөлөрүн (мындан ары бөлүкчөлөр) жана алардын жүрүүчү мүлкүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу алып өтүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Казакстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын коргоо министрликтеринин аба кемелеринин учуп өтүүсүн камсыздоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Казакстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын коргоо министрликтеринин аба кемелеринин учууларына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун шарттарында белгиленген тартипте уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскери "Иркештам" жана "Кызыл-Бел" өткөрүү пункттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу бөлүкчөлөрдү жана алардын жүрүүчү мүлкүн өткөрүүнү жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун шарттарында ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы бөлүкчөлөрдүн жүрүүчү мүлкүн тыюуларды, чектөөлөрдү жана жүрүүчү мүлктүн көрсөтүлгөн тизмелеринин негизинде бажы алымдарын, салыктарын жана жыйымдарын алууну колдонбостон жөнөкөйлөтүлгөн тартипте бажы контролун жана бажылык тариздөөнү ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына бөлүкчөлөрдүн өздүк курамынын ысмы жазылган тизмелерин жана жүрүүчү мүлктүн тизмелерин белгиленген тартипте жиберсин.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча бөлүкчөлөрдүн машыгуу өткөн районго бара жатканда жана келе жатканда аларды коштоону, ошондой эле жол жүрүп бара жатканда жерде жайгашуусунда (эс алууда) аскердик контингенттин коопсуздугун камсыздасын.
6. Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрация башчылары - губернаторлору жергиликтүү калк менен түшүндүрүү иштерин өткөрүшсүн жана бөлүкчөлөрдүн жол жүрүп өтүүсүнө (Иркештам - Сары-Таш - Гүлчө - Ош - Кызыл-Кыя - Баткен - Исфара маршруту боюнча) жардам көрсөтүшсүн.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.