Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПБ № 81 (Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколдун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БУЙРУК 2019-жылдын 19-апрели ПБ № 81
1. 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысына принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ага кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Тиркеме 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчо мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протокол Мындан ары Тараптар деп аталган Шанхай кызматташтык уюмуна (мындан ары - ШКУ) мүчө мамлекеттер, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууну (мындан ары -Макулдашуу) ишке ашыруу механизмин өркүндөтүү зарылчылыгын жетекчиликке алып, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене Макулдашуу төмөнкүдөй мазмундагы 27-1-берене менен толукталсын: «27-1-берене Ушул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон мамлекеттердин кайсынысы болбосун кошулуусу үчүн ачык. Кошулган мамлекет үчүн ушул Макулдашуу кошулуу жөнүндө документти депозитарий алган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Депозитарий кошулган мамлекетке карата ушул Макулдашуу күчүнө кирген күн тууралуу Тараптарды кабарлайт.». 2-берене Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана анын күчүнө кирүүсү үчүн ага кол койгон тараптар зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү соңку кабарлоону депозитарий алган күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуунун депозитарийи Тараптарга ушул Протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн ага кол коюлган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жиберет. 2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында орус жана кытай тилдеринде бир түп нускада түзүлгөн, мында эки текст тең бирдей күчкө ээ. Казакстан Республикасы үчүн Кытай Эл Республикасы үчүн Кыргыз Республикасы үчүн Россия Федерациясы үчүн Тажикстан Республикасы үчүн Өзбекстан Республикасы үчүн
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.