Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө Келишим (КР Мыйзамы менен ратификациаланган)
КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №56 Мыйзамы менен ратификациаланган
Минск шаары
2006-жылдын 27-ноябры
Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын
ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө
КЕЛИШИМ
Мындан ары Жогорку макулдашуучу тараптар деп аталуучу Кыргыз Рес-
публикасы жана Беларусь Республикасы,
Жогорку макулдашуучу тараптардын ортосундагы тарыхый калыптанган
байланыштарга жана кызматташтыкка таянышып,
Жогорку макулдашуучу тараптардын ортосундагы достук жана өз ара
пайдалуу кызматташтык мамилелеринин чыњдалышы эки мамлекеттин элдеринин
түпкү улуттук кызыкчылыктарына жооп берээрин, тынчтыкты жана коопсуз-
дукту сактоо ишине кызмат кылаарын баса белгилешип,
эл аралык укук ченемдерин, биринчи кезекте Бириккен улуттар уюму-
нун Уставынын, Хельсинки корутунду актысынын жана Европа коопсуздук жа-
на кызматташтык уюмунун башка документтеринин максаттарын жана принцип-
терин жактагандыктарын ырасташып,
өз мамилелерине жањы сапат берүүгө умтулушуп, демократиялык укук-
тук жана жарандык мамлекетти курууну улантууга чечкиндүү болушуп,
өз ара мамилелердин келишим-укуктук негизин чыњдоого умтулгандык-
тарын жетекчиликке алышып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ортосундагы мамилелер эгемендүү
тењдик, адам укуктарын урматтоо, бири-биринин ички иштерине кийли-
гишпөө, аймактык бүтүндүк жана чегаралардын кыйрабастыгы, талаштарды
тынчтык жолу менен жөнгө салуу, өз ара пайдалуу кызматташтык, жалпы та-
анылган эл аралык укук ченемдерин сактоо принциптеринин негизинде куру-
лат.
2-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар өз аймагын экинчи Жогорку макулдашу-
учу тарапка каршы куралдуу агрессия же душмандык ишкердик жүргүзүү мак-
сатында пайдаланууга бербөөгө милдеттенишет.
3-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар глобалдык жана регионалдык өлчөмдө
тынчтыкты чыњдоо, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу макса-
тында кызматташууну ишке ашырат, куралсыздандыруу процессин улантууга,
жамааттык коопсуздукту чыњдоого, тынчтыкты колдоонун региондук система-
ларынын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү менен өздөрүнүн
тышкы саясий ишкердигин координациялайт, Жогорку макулдашуучу тараптар-
дын кызыкчылыктарына тиешеси бар региондук жањжалдарды жана башка кыр-
даалдарды жөнгө салууга көмөктөшүү үчүн аракеттерди көрөт, ошондой эле
зарыл болгон учурда биргелешкен же макулдашылган тынчтыкты сактоо иш-
кердигин ишке ашыруу максатында бул тармактардагы өз позицияларын коор-
динациялайт.
Жогорку макулдашуучу тараптар үзгүлтүксүз негизде өз ара кызыкчы-
лык туудурган маселелер боюнча кењешмелерди өткөрүшөт, төмөнкүлөрдү иш-
ке ашыруу, анын ичинде, зарыл болгон учурда, тењ укуктуу негизде
түзүлгөн жалпы координациялоочу институттар аркылуу жүзөгө ашыруу боюн-
ча аракеттерди бириктирүүнү максатка ылайыктуу деп эсептешет:
адам укуктарын камсыз кылууну жана коргоону;
тышкы саясатты жана тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүүдө өз
ара аракеттенүүнү;
жалпы экономикалык мейкиндикти, жалпы европалык жана евразиялык
рынокту түзүүдө жана өнүктүрүүдө, ошондой эле бажы саясаты тармагында
кызматташууну;
билим берүү, маданият, илим жана техника тармагындагы кызматташ-
тыкты;
жаштар саясаты тармагындагы кызматташтыкты;
энергетика, транспорт, информатика, байланыш системаларын башкару-
уну;
стандартизация, метрология жана өз ара соода жүргүзүүдө техникалык
тоскоолдуктарды жокко чыгарууга көмөк көрсөтүүчү сертификациялоо тарма-
гындагы кызматташууну;
интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоону камсыз кылуу-
ну;
айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы кызматташтыкты, экологиялык ко-
опсуздуктун бүтүндөй эл аралык системасын түзүүгө катышууну;
жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда бол-
гон учурда алдын-ала билдирүүнү жана өз ара жардам көрсөтүүнү;
миграциялык саясат маселелерин чечүүнү;
кылмыштуулук, анын ичинде эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүүнү.
Жогорку макулдашуучу тараптар төмөнкүлөрдүн дењгээлинде экономика-
лык, соода, илимий-техникалык мамилелердин өнүгүүсүн камсыз кылат:
мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын;
банктардын жана финансылык системадагы органдардын;
жергиликтүү (муниципалдык) өзүн-өзү башкаруу органдарынын;
ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын жана мекемелердин, анын
ичинде биргелешкен кыргыз-беларус ишканаларынын;
жеке ишкерлердин.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Жогорку макулдашу-
учу тарапка экономикалык зыян келтириши мүмкүн болгон аракеттерди жасо-
одон карманат.
4-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Жогорку макулдашу-
учу тараптын аймагында жашаган өз жарандарынын укуктарын коргойт.
5-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири анын аймагында туруктуу
жашаган экинчи Жогорку макулдашуучу тараптын жарандарына, ошондой эле
жарандыгы жок адамдарга алардын улуттук таандыгына, кайсы динди карман-
гандыгына же башка айырмачылыктарга карабастан, адам укуктары тармагын-
дагы жалпы таанылган эл аралык ченемдерге ылайык жарандык, саясий, со-
циалдык, экономикалык, маданий укуктарды жана эркиндиктерди кепилдейт.
6-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири Беларусь Республикасында-
гы кыргыз азчылыгына жана Кыргыз Республикасындагы беларус азчылыгына
таандык болгон адамдарга эч кандай күч колдонуу менен ассимиляциялоо
аракеттерине дуушар болбостон, жеке же жамааттык көз карашын эркин бил-
дирүү, өзүнүн этникалык, маданий жана тил өзгөчөлүктөрүн сактоо жана
өнүктүрүү укуктарын кепилдейт.
Жогорку макулдашуучу тараптар улуттук мамилелерди жөнгө салуу жана
улуттук азчылыктарды улуттук-маданий жактан өнүктүрүүнү колдоо боюнча
иш тажрыйбасын алмашуу тармагында мамлекеттик органдардын ортосундагы
кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири өз мамлекетинин аймагында
улуттук, рассалык, этникалык же диний чыдабоого, душмандыкка же жек
көрүүчүлүккө негизделген бардык аракеттердин алдын алуу жана болтурбоо
үчүн зарыл чараларды, анын ичинде мыйзам чараларын колдонууга милдетте-
нет.
7-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар ачык чегаралар принцибин карманышат
жана өз жарандарынын Жогорку макулдашуучу тараптардын аймактарына эркин
киришин, чыгышын жана жүрүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды
көрүшөт.
8-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар тынчтыкты андан ары чыњдоого умту-
луп, БУУнун Уставына ылайык коопсуздукту камсыз кылуу тармагында эки
мамлекеттин кызматташуу зарылдыгын таанышат, эки өлкөнүн коргонуу
жөндөмдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында аскердик куру-
луш жана куралдуу күчтөрдү реформалоо, аскер кадрларын даярдоо, аскер
куралдарын жана аскер техникасын өндүрүү жана жеткирүү, илимий-изилдөө
жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүүнү кошуп, аскердик жана
аскердик-техникалык тармактарда кызматташат.
9-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар өз ара негизде ар бир мамлекеттин
мыйзамдарына, ошондой эле алар катышуучу болгон интеллектуалдык менчик
укуктарын коргоо тармагындагы эл аралык келишимдерге ылайык интеллекту-
алдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоону көрсөтүшөт.
10-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге,
жарандык авиациянын жана транспорттун башка түрлөрүнүн коопсуздугуна
каршы багытталган мыйзамсыз актыларга, мыйзамсыз миграцияга, бањги зат-
тарын, психотроптук жана радиоактивдүү заттарды, куралдарды мыйзамсыз
айландырууга, маданий жана тарыхый баалуулугу бар искусство чыгармала-
рын жана буюмдарын чегара аркылуу мыйзамсыз өткөрүүнү кошуп, контрабан-
дага каршы күрөшүүдө кызматташат, ошондой эле жарандык, үй-бүлөлүк жана
кылмыш иштери, ошондой эле экономикалык талаштарды чечүү боюнча өз ара
укуктук жардам көрсөтүү үчүн шарттарды түзүшөт.
11-статья.
Экинчи Жогорку макулдашуучу тараптын аймагында жайгашкан Жогорку
макулдашуучу тараптардын биринин мамлекеттик мүлкүнүн, юридикалык жак-
тары менен жарандарынын мүлкүнүн укуктук режимдери аймагында мүлк жай-
гашкан Жогорку макулдашуучу тараптын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
Эгерде Жогорку макулдашуучу тараптардын бири экинчи Жогорку макул-
дашуучу тараптын аймагында жайгашкан мүлк ага таандык экендигин билдир-
се жана бул мүлккө үчүнчү жактар же мамлекеттер дооматтарын көрсөтсө,
анда экинчи Жогорку макулдашуучу тарап мындай мүлктү коргоо жана сактоо
боюнча бардык зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү жана мүлк кимге таандык
экендиги жөнүндө маселе толугу менен чечилгенге чейин биринчи Жогорку
макулдашуучу тараптын ачык мүнөздөгү макулдугусуз кимдир-бирөөгө
өткөрүп берүүгө укугу жок. Жогорку макулдашуучу тараптардын кызыкчылык-
тарына тиешеси бар болгон бардык башка менчик мамилелерине тиешелүү ма-
селелер өзүнчө макулдашуулар менен жөнгө салынууга тийиш.
12-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар экономика, илим жана техника, билим
берүү, маданият, архивдик иш, басма сөз жана маалымат, саламаттыкты
сактоо, жаштар саясаты, соода, айлана-чөйрөнү коргоо тармактарындагы эл
аралык келишимдерди түзүү жана аларды жүзөгө ашыруу аркылуу өздөрүнүн
элдеринин жана мамлекеттеринин тењ укуктуу жана өз ара пайдалуу кызмат-
ташуусун өркүндөтөт, кењири маалымат алмашууга көмөктөшөт жана өз ара
милдеттенмелерди акниет сакташат.
13-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар өзгөчө кырдаалдар, экологиялык жана
жаратылыш катастрофалары пайда болгон учурда өз ара аракеттенүүнү жак-
шыртуу жана алардын кесепеттерин минимизациялоо максатында эл аралык
дењгээлдеги кызматташууну кошуп, өз ара кызматташтыкты өнүктүрүшөт.
14-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Жогорку макулдашу-
учу тараптын жүргүнчүлөрүн жана жүктөрүн өз аймагы аркылуу транзит ме-
нен өткөрүүгө көмөктөшөт.
15-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар өздөрүнүн мамлекеттик органдарынын,
ошондой эле жарандары менен коомдук бирикмелеринин ортосундагы байла-
ныштарды жана карым-катнаштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
16-статья.
Жогорку макулдашуучу тараптар жана алардын компетенттүү органдары
ушул Келишимде козголгон маселелер, ошондой эле өз ара кызыкчылык туу-
дурган башка маселелер боюнча тиешелүү келишимдерди түзүүгө укуктуу.
17-статья.
Бул Келишим Жогорку макулдашуучу тараптардын алар түзгөн жана ка-
тышуучулар болуп саналган эл аралык келишимдерден келип чыккан укукта-
рын жана милдеттенмелерин козгобойт жана Жогорку макулдашуучу тараптар-
дын үчүнчү мамлекеттер менен достук, кызматташтык жана өз ара жардам
жөнүндө эл аралык келишимдерди түзүү укуктарын чектебейт.
18-статья.
Бул Келишимди чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыккан
талаш-тартыштар Жогорку макулдашуучу тараптардын ортосундагы кењешме-
лерди жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилүүгө тийиш.
Жогорку макулдашуучу тараптардын ар бири бул Келишимдин же анын
айрым-бир статьяларынын колдонулушун узартуунун максатка ылайыктуулугу
жөнүндө кењешмелерди, сүйлөшүүлөрдү өткөрүү демилгесин көтөрүүгө укук-
туу болот.
Жогорку макулдашуучу тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул
Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул
Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган жана ратификацияланууга тийиш
болгон өзүнчө Протокол менен таризделет.
19-статья.
Бул Келишим:
ратификацияланууга тийиш жана ратификациялоо грамоталары алмашыл-
ган күндөн тартып күчүнө кирет;
Бириккен улуттар уюмунун Уставынын 102-статьясына ылайык БУУнун
Секретариатында катталууга тийиш.
20-статья.
Бул Келишим он жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Жогорку макулдашуучу
тараптардын бири Келишимдин аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга чейин алты
айдан кеч эмес убакта жазуу түрүндө билдирүү аркылуу аны денонсирлөө
ниети жөнүндө билдирбесе, Келишимдин колдонулушу кийинки он жылдык
мөөнөткө өзүнөн-өзү узартылат.
Бул Келишим күчүнө кирген учурдан тартып 1991-жылдын 29-декабрында
Минск шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республи-
касынын мамлекеттер аралык мамилелер негиздери жөнүндө Келишим өз күчүн
жоготот.
Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында эки нускада, ар бири кыр-
гыз, беларус жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей
юридикалык күчкө ээ.
Бул Келишимдин жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан
учурда орус тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасы үчүн Беларусь Республикасы үчүн
(колу) (колу)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 25-ноябрындагы № 382-б "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 25.11.2020 · № 382-р
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябыры № 523-б (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кызматташуу…Распоряжение · 09.10.2008 · № 523-р
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Договор об основах межгосударственных отношений Республики Кыргызстан и Республики Беларусь (Ратифицирован постановлением Верховного Совета РК от 6 марта 1992 года № 841-XII)Договор · 29.12.1991
- Устав Организации Объединенных НацийУстав · 26.06.1945
- КР Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 22-мартындагы № 1699-III "Минск шаарында 2006-жылдын 27-ноябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы…Постановление · 22.03.2007 · № 1699-III