Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2020-жылдын 25-ноябры № 382-б "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э.Новиков
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Беларусь Республикасынын аймагында жана Беларусь Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Беларусь Республикасынын Өкмөтү мындан ары "Тараптар" деп аталып; тараптардын ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү, алардын жарандарынын сапарларын укуктук жөнгө салуу максатында; 2006-жылдын 27-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө келишимин жетекчиликке алуу менен; бир Тараптын жарандарынын экинчи Тараптын аймагында болуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү каалоо менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-берене. Экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында убактылуу болуучу биринчи Тараптын мамлекетинин жарандары келген Тараптын компетенттүү органдарында отуз (30) календардык күндүн ичинде катталуу (келген жери боюнча каттоого туруу) милдетинен бошотулушат. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу болуу мөөнөтү бир Тараптын мамлекетинин жараны экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирген датадан тартып эсептелет, ал мөөнөт келген Тараптын аймагына кирген учурда чек ара кызматы тарабынан чек арага чыгуу максатында берилген документинде белги менен же тиешелүү маалымат ресурстарындагы маалыматтар менен ырасталат. Бир Тараптын мамлекетинин жараны экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында отуз (30) күндөн ашык жүргөн учурда аталган жаран келген Тараптын мыйзамдарына ылайык анын компетенттүү органдарында катталууга (келген жери боюнча каттоого турууга) милдеттүү. 2-берене. Төмөнкүлөр ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп эсептелет: Кыргыз Республикасынын атынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы; Беларусь Республикасынын атынан - Беларусь Республикасынын Ички иштер министрлиги. 3-берене. Биринчи Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына төмөнкүдөй жарактуу жол жүрүү документтери боюнча киришет (чыгышат): Кыргыз Республикасы үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспорту;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту;
- Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк (Кыргыз Республикасына гана кайтуу үчүн);
Беларусь Республикасы үчүн:
- Беларусь Республикасынын жаранынын паспорту;
- Беларусь Республикасынын жаранынын кызматтык паспорту;
- Беларусь Республикасынын жаранынын дипломатиялык паспорту;
- Беларусь Республикасынын морягынын ким экендигин ырастоочу улуттук күбөлүк;
- Беларусь Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк (Беларусь Республикасына гана кайтуу үчүн).
4-берене. Бир Тараптын мамлекетинин жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болгон учурда ушул экинчи Тараптын мыйзамдарын сактоого милдеттүү. 5-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун 3-беренесинде аталган документтердин үлгүлөрү менен, ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлгандан тартып отуз (30) күндөн кечиктирбестен, аларды пайдалануунун тартиби жөнүндө маалыматтар менен алмашышат.
2. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун 3-беренесинде аталган жаңы документтер жөнүндө бири бирине маалымдашат, ошондой эле дипломатиялык каналдар аркылуу өзгөртүлгөн документтердин үлгүлөрүн өзгөртүү расмий түрдө киргизилгенге чейин отуз (30) күндөн кечиктирбестен жөнөтүшөт.
6-берене. Ушул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттеринин башка эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келбеген жагында колдонулат жана Тараптардын ортосундагы башка эки тараптуу макулдашууларды түзүүгө тоскоолдук кылбайт. 7-берене. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу жана ушул Макулдашуунун 9-беренесинин 1-пунктунда каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет. 8-берене. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу келип чыгуучу талаш маселелер консультациялар жана сүйлөшүү жолу менен чечилет. 9-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө экинчи Тарапка билдирүү менен ушул Макулдашуунун колдонулушун бир жактуу тартипте токтото алат. Бул учурда ушул Макулдашуу мындай билдирүү алынган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин колдонулушун токтотот.
3. Ар бир Тарап улуттук коопсуздуктун, коомдук тартиптин жана калктын ден соолугун сактоо кызыкчылыгында ушул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотушу мүмкүн. Кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу мындай токтотууга чейин кеминде 72 сааттан кечиктирилбестен жиберилет.
4. Ушул берененин 3-пунктунда аталган себептер боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган Тарап ошол эле тартипте ушул Макулдашуунун колдонулушун кайрадан улантуу жөнүндө экинчи Тарапка билдирет.
2020-жылдын "__" __________, ___________ шаарында ар бири кыргыз жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти пайдаланышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн
__________________________________
__________________________________
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы достук жана кызматташтык жөнүндө Келишим (КР 2007-жылдын 28-апрелиндеги №56 Мыйзамы менен ратификациаланган)Договор
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон