Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагындагы Барак айылынын тургундарына иш жүзүндө жардам көрсөтүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 20-марты № 97-б Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагындагы Барак айылынын тургундарына иш жүзүндө жардам көрсөтүү максатында, ошондой эле Барак эксклавында топтолгон көйгөйлөрдү кечиктирбестен чечүүнүн зарылдыгын көңүлгө алып:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам менен ратификацияланган 2004-жылдын 24-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө макулдашуунун 1-беренесине ылайык Өзбекстан Республикасынын чек ара жана бажы кызматтары менен төмөнкү сүйлөшүүлөрдү ыкчам жүргүзүшсүн:
- кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды, жүктөрдү, товарларды, транспорт каражаттарын, жаныбарларды жана башка мүлктөрдү өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын Барак эксклавынын тургундарынын чек ара аркылуу өтүүсүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибинин шарттарын паритеттик негизде түзүү үчүн Барак эксклавына "Ак-Таш" ("Бирляшкан") жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу боюнча;
- ушул өткөрмө пункту боюнча ведомстволор аралык Протоколго кол коюуну даярдоо боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагындагы Барак айылынын (Барак эксклавынын) тургундарына ар тараптуу жардам көрсөтүү жана талаа иштерин жүргүзүү үчүн:
- төмөнкүлөрдү бөлүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду аркылуу кредиттик-күрөөлүк документтерди белгиленген тартипте тариздөө менен, себүү аянттарын эске алып, артыкчылыктуу тартипте айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сертификацияланган үрөндөрү түрүндө товардык кредитти; "Айыл Банк" ачык акционердик коому аркылуу кредиттик-күрөөлүк документтерди белгиленген тартипте тариздөө менен, бир даана айыл чарба техникасын;
- сугат суусу менен камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
- талаа иштерин жүргүзүү үчүн Барак эксклавынын тургундарына кредиттик каражаттарды бөлүп берүүгө;
- минералдык жер семирткичтерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды, медикаменттерди жеткирүүгө;
- Барак эксклавынын тургундарына жеке турак жай курууга 10,0 (он) га сугат айдоо жерин берүү үчүн тиешелүү жерге жайгаштыруу материалдарын даярдасын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги Барак эксклавын электр менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги Барак эксклавынын тургундарына социалдык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштарды иликтесин жана киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы "Ак-Таш" ("Бирляшкан") жөнөкөйлөштүрүлгөн өткөрмө пунктунун иши жандандырылганга чейин Барак эксклавынын тургундары үчүн "Кызыл-Кыя - автожол" өткөрмө пункту аркылуу Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылы - Барак айылы - Жылкелди айылы маршруту боюнча жумасына эки жолу транспорттук каттамды уюштурушсун.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылынын аймагында Барак эксклавынын тургундарын убактылуу жайгаштыруу пунктун уюштуруу үчүн чатырларды орнотсун;
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл аймагынын Жылкелди айылы - Барак айылы - Жылкелди айылы маршруту боюнча Барак эксклавынын тургундарын ташыган автотранспорт үчүн чыгымдоонун белгиленген ченемдерине ылайык күйүүчү-майлоочу материалдарды бөлүп берсин.
8. Бул буйруктун аткарышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрмө пункттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ (КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Соглашение · 24.07.2004
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2004-жылдын 24-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Мамлекеттик чегара аркылуу өткөрүү пункттары…Закон · 02.03.2006 · № 71