29-статья. Жогорку Кењештин депутатын жазык же административдик
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
жоопкерчиликке тартуу үчүн макулдук берүүнүн тартиби
Жогорку Кењештин депутатына карата жазык иши Кыргыз Республикасы-
нын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.
Жазык иштери боюнча депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө
маселе Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасы боюнча,
административдик укук бузуулар, жеке айыптоо иштери боюнча ишти карап
жаткан судьянын сунуштамасынын негизинде чечилет.
Жогорку Кењештин депутатын жазык жоопкерчилигине, ошондой эле сот
тартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликке тартууга макулдук
алыш үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же ишти кароочу судья
Жогорку Кењешке сунуштама киргизет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун, депутатты кол тийбес-
тиктен ажыратууга байланыштуу жеке айыптоо ишин караган судьянын сунуш-
тамасын караш үчүн "Регламент жөнүндө" Мыйзамда каралган тартипте
иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия (мындан ары - комиссия)
түзүлөт.
Комиссия сунуштаманы бир айлык мөөнөттөн кечиктирбей карайт. За-
рылчылык болсо, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунан жана соттон
(судьядан) кошумча материалдар талап кылынышы мүмкүн.
Депутатты кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө маселени караган учур-
да комиссия маселеси чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын өкүлүн же
арыз берүүчүнү (жеке айыптоочуну) угууга милдеттүү.
Иликтөө боюнча комиссия тарабынан маалымкат, ошондой эле депутатты
кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө чечимдин долбоору түзүлгөндөн жана
жарыя айтылгандан кийин ал Жогорку Кењештин жакын арадагы жыйналышынын
күн тартибине киргизилет.
Бул маселени караган учурда, ошондой эле чечимдин берилген долбоо-
рунда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, аларга баа
берүү же тактоо менен гана чектелет. Чечим долбоору боюнча жарыш сөзгө
комиссиянын баяндамачысы, Жогорку Кењештин маселеси чечилип жаткан де-
путаты катышат.
Эгерде ага Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын добушта-
рынын үчтөн экиден кем эмеси берилсе, Башкы прокурордун же соттун су-
нуштаманы канааттандыруу чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Чечим Жо-
горку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулуат.
Башкы прокуратура, сот Жогорку Кењештин жүйөсү келтирилген токтому
тууралу үч күндүк мөөнөттө кабардар кылынат.
Эгерде негиздери табылса, Жогорку Кењеш өз чечимин кайра карай
алат.
Эгерде Жогорку Кењеш Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын үч
ай ичинде канагаттандырбаса, анда сунуштама четке кагылды деп эсептели-
нет.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же соту (судьясы) иш боюнча
өндүрүш бүткөндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иликтөөнүн же ишти кароонун
жыйынтыктары тууралу Жогорку Кењешке билдирүүгө милдеттүү.
Жогорку Кењештин депутатын кол тийбестиктен ажыратууга макулдук
берүүдөн Жогорку Кењештин баш тартышы жазык иши боюнча өндүрүштү же сот
тартибинде берилүүчү административдик жоопкерчиликти кароочу админист-
ративдик укук бузуулар боюнча өндүрүштү болтурбоочу жагдай болуп эсеп-
телет.
Депутаттын кол тийбестигин бузган адамдар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылышат.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-29" title="29-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>