28-статья. Жогорку Кењештин депутатынын иммунитети
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
Жогорку Кењештин депутаты кол тийбестик укугуна ээ. Ал депутаттык
ишине байланыштуу айткан пикири же Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешине добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынууга тийиш
эмес. Депутат кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөн чыккандан башка учур-
ларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жеке текшерилиши
мүмкүн эмес. Депутатты жазык, ошондой эле сот тартибинде берилчү адми-
нистративдик жоопкерчиликке тартууга Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин макулдугу менен гана жол берилет.
2. Депутаттын кол тийбестиги анын турак жайына, кызматтык башпаа-
насына, багажына, жеке жана кызматтык транспорт каражаттарына, жазышкан
кат-кабарына, пайдаланган байланыш каражатына, ошондой эле ага таандык
документке жайылтылбайт.
3. Жогорку Кењештин депутаты кылмыш кылып жаткан жеринде үстүнөн
чыккандан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши, су-
ракка алынышы же жеке текшерилиши мүмкүн эмес. Мындай учурларда Кыргыз
Республикасынын Башкы прокурору үч сутканын ичинде Жогорку Кењештин де-
путатын жазык жообуна тартууга макулдук алыш үчүн сунуштама берет. Жо-
горку Кењеш Башкы прокурордун сунуштамасын үч сутка ичинде кезексиз
тартипте карайт. Эгерде Жогорку Кењеш Башкы прокурордун сунуштамасын үч
сутка ичинде карай элек болсо, депутат Жогорку Кењештин депутаттарынын
бир тобунун кепилдиги менен бошотулууга тийиш.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-28" title="28-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>