27-статья. Депутаттын эмгектик укуктарынын кепилдиктери
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Жогорку Кењештин
депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын туруктуу негизде иштеген Жогорку
Кењеште жүзөгө ашырат.
2. Жогорку Кењештин депутатына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү
бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Өкмөттүн мүчөсү
кызматынан жана башкаруу органдарындагы шайлануучу кызматтан тышкары
мамлекеттик мекемелердеги, ишканалардагы жана уюмдардагы мурда аткарып
келген иши (кызмат орду) берилет, ал эми мурдагы кызматынын жоюлушу же
ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жоюлушуна байланыштуу мындай
мүмкүнчүлүк болбосо, ошол эле ишканада, мекемеде жана уюмда же болбосо
депутаттын макулдугу менен бөлөк ишканада, мекемеде, уюмда мурдагысына
тете башка иш же кызмат орду берилет.
3. Аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкер-
леринин ичинен болгон Жогорку Кењештин депутатына ээлеген кызматына
ылайык кезектеги аскердик же атайын наам ыйгаруу кечиктирилиши мүмкүн
эмес.
4. Ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктагандан кийин эмгекке орноштуруу
мезгилинде туруктуу негизде иштеген Жогорку Кењештин депутатынын орточо
эмгек акысы ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күндөн тартып алты айдан
ашпаган мезгилге сакталат.
5. Жогорку Кењештин депутатынын депутаттык милдеттерин аткаруу ме-
нен байланыштуу алар шайланган тиешелүү областтын, болбосо Бишкек шаа-
рынын аймагынан тышкары жашаган убактысы, эгерде ал шайланганга чейин
ошол жерде жашаса, көрсөтүлгөн административдик аймактарда туруктуу жа-
шаган убакыт болуп эсептелинет.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-27" title="27-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>