26-статья. Жогорку Кењештин депутатынын маалымат алуу жана таратуу
Күчүн жоготкон · 18.12.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 декабря 2008 года № 267.
укугу
1. Жогорку Кењештин Төрагасы депутаттарды Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин документтери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Пре-
зидентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Рес-
публикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту,
башка мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер тарабынан расмий
түрдө таратылган маалыматтык жана маалымкат материалдар менен камсыз
кылат.
2. Мамлекеттик бийлик органдары, өз алдынча башкаруу органдары,
коомдук бирикмелер, ошондой эле кызмат адамдары Жогорку Кењештин депу-
таты кайрылган учурда аларды депутаттык ишке байланышкан маселелер бо-
юнча адистердин консультациялары менен камсыз кылууга, керектүү маалы-
маттарды токтоосуз берүүгө милдеттүү.
3. Жогорку Кењештин депутаты депутаттык ишин камсыз кылуу үчүн
шайлоо округунун аймагында жайгашкан мамлекеттик ишканалардын, мекеме-
лердин жана уюмдардын көчүрмө-көбөйтүүчү жана эсептөө-электрондук тех-
никасын пайдаланууга укуктуу.
4. Жогорку Кењештин депутаты өзүнүн депутаттык ишинин маселелери
боюнча телекөрсөтүүдө, радиодо жана башка жалпыга маалымдоо каражатта-
рында акысыз чыгып сүйлөөгө артыкчылыктуу укукка ээ болот. Депутаттар
берген материалдарга анын макулдугусуз өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизүүгө жол берилбейт.
Берененин тексти 18.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1751/st-26" title="26-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>