Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына („Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө“, „Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-09-15.
КР 2024-жылдын 12-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 15-сентябры № 119 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005, № 11, 900-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 9-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчтөрү боюнча жүргүзүлөт. 14 жаштан 18 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте баланын жазуу жүзүндөгү же оозеки өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт. Мында баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн макулдугу талап кылынбайт. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган жактарды медициналык текшерүү алардын медициналык текшерүү жүргүзүүдө катышууга укугу болгон мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлөт. 18 жашка чейинки жактарга психосоциалдык жактан кеңеш берүү баланын макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.".
2-берене
2-берене.
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 99 (3278) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 29-июлунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 10
- Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 14
- Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндөЗакон · 13.08.2005 · № 149 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.