1-статья
Күчүн жоготкон · 18.07.2005 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 22-статьянын биринчи бөлүгү "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 371-статьянын биринчи бөлүгүнүн биринчи абзацы жана аталышы "ички иштер органдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.
3. 506-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Мамлекеттик өрткө каршы кызматы.".
4. 539-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администрациялык укук бузуулар жөнүндө ишти кароого жана администрациялык жазаларды салууга төмөндөгүлөр укуктуу:
- өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы инспектору жана анын орун басарлары;
- өрт көзөмөлү боюнча Кыргыз Республикасынын, областтардын, шаарлардын жана райондордун мамлекеттик улук инспекторлору;
- өрт көзөмөлү боюнча шаарлардын, райондордун жана объекттердин мамлекеттик инспекторлору.".
Берененин тексти 18.07.2005 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1705/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кдексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>