Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруунун максаты
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62
1. Авторлордун, аткаруучулардын, фонограммаларды даярдоочулардын жана автордук жана чектеш укуктардын башка ээлеринин мүлктүк укуктарын камсыз кылуу максатында, аларды жекече түрдө иш жүзүндө турмушка ашыруу кыйын болгон учурларда (жалпы эл алдында, анын ичинде радиодо жана теле көрсөтүүдө аткаруу, чыгарманы механикалык, магниттик жана башка жазмада кайра чыгаруу, репродукциялоо жана башка учурлар), көрсөтүлгөн адамдардын мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдар түзүлүшү мүмкүн.
Мындай уюмдар түздөн-түз автордук жана чектеш укуктардын ээлери тарабынан түзүлөт да, мыйзамдуулук тарабынан белгиленген тартипте бекитилүүчү уставдын негизинде алардан алган ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенишет. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюмдун уставы ушул Мыйзамдын талаптарына жооп бере турган жоболорду өз ичине камтууга тийиш. Авторлордун укуктарын жамааттык негизде башкарган уюмдарды каттоодон баш тартууга ушул Мыйзамдын талаптары бузулган учурда, ошондой эле коомдук уюмдарды каттоо тартибин белгилеген мыйзам жоболору бузулган учурда жол берилет.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмдарды түзүүгө жол берилет, бирок укуктардын же укук ээлеринин бир категориясын башкаруу боюнча бирден ашык уюм болбоого тийиш.
Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмду түзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ишке ашырылат.
3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдар укуктардын төмөнкү категорияларын башкаруу үчүн түзүлүшү мүмкүн:
1) жарыяланган музыкалык чыгармаларга (тексти бар же тексти жок) жана музыкалык-драмалык чыгармалардын үзүндүлөрүн жалпы эл алдында аткарууга, эфирге же кабель боюнча, анын ичинде ретрансляциялоо жолу менен кабарлоого карата өзгөчө укуктарды башкаруу;
2) аудиовизуалдык чыгармада пайдаланылган музыкалык чыгармалардын (тексти бар же тексти жок) авторлору болуп саналган композиторлордун мындай аудиовизуалдык чыгарманы жалпы эл алдында аткаруу же эфирге же кабель боюнча кабарлоо үчүн сыйакы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;
3) сүрөт искусствосунун чыгармаларына карата жолун жолдоо укугун башкаруу;
4) авторлордун, аткаруучулардын, фонограммаларды жана аудиовизуалдык чыгармаларды чыгаруучулардын жеке өзүнүн максатында фонограммаларды жана аудиовизуалдык чыгармаларды кайра чыгаргандыгы үчүн сыйакы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;
5) аткаруучулардын жалпы эл алдында аткаруу, ошондой эле коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларды эфирге же кабель боюнча кабарлоо үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу;
6) фонограммаларды даярдоочулардын жалпы эл алдында аткаруу, ошондой эле коммерциялык максатта жарыяланган фонограммаларды эфирге же кабель боюнча кабарлоо үчүн сый акы алууга укуктарын жүзөгө ашыруу.
(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2014-жылдын 21-январындагы № 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 января 2014 года № 14 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тийиш.
Жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруучу уюмду түзүү алынып салынды: Кыргызпатенттин кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен ишке ашырылат.
3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде … 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2014-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 14 кошулду: 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2025 · № 678
- Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуучу минималдуу талаптар жана интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын…Положение · 17.10.2025 · № 678
- Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган та- рабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмдарга коюлуу- чу минималдуу талаптар жана…Положение · 18.09.2019 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу…Постановление · 18.09.2019 · № 489 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-44" title="44-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>