Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
43-статья. Чектеш укуктардын колдонулуш мөөнөтү
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · III бөлүм
1. Ушул бөлүмдө каралган аткаруучуга тиешелүү укуктар алгачкы аткаруудан же коюлган оюндан кийин 50 жыл бою күчүндө болот.
Аткаруучунун ысым алып жүрүүгө жана аткарууну же коюлган оюнду ушул Мыйзамдын 37-статьясында белгиленген ар кандай бурмалоолордон же башка кол салуулардан сактоо укуктары чексиз корголот.
2. Ушул бөлүмдө фонограмманы чыгаруучуга карата белгиленген укуктар фонограмманын биринчи жарыяланышынан кийин 50 жыл бою же эгерде ушул мөөнөттүн ичинде фонограмма жарыяланбаса фонограмманын биринчи жазмасынан кийин 50 жыл бою күчүндө болот.
3. Ушул бөлүмдө каралган эфирдик уктуруу уюмуна тиешелүү укуктар берүү ушундай уюм тарабынан эфирге биринчи ирет берилгенден кийин 50 жыл бою күчүндө болот.
4. Ушул бөлүмдө каралган кабелдик уктуруу уюмуна тиешелүү укуктар берүү ушундай уюм тарабынан кабель аркылуу биринчи берилгенден кийин 50 жыл бою күчүндө болот.
5. Ушул статьянын 1, 2, 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган мөөнөттөрдү эсептөө мөөнөттүн өтүшүнүн башталышы үчүн негиз болуп саналуучу юридикалык факт болгон жылдан кийинки жылдын 1-январынан башталат.
6. Эгерде аткаруучу репрессияланып, өлгөндөн кийин акталган учурда ушул статьяда каралган укуктардын коргоо мөөнөтү акталгандан кийинки жылдын 1-январынан баштап аракетке кирет.
7. Аткаруучунун, фонограмманы чыгаруучунун, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмунун мураскерлерине (юридикалык тарапка карата - укук мурастоочуларга) аткарууну, коюлган оюнду, фонограмманы, эфирге же кабель аркылуу берүүнү пайдаланууга уруксат берүү жана ушул статьянын 1, 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттүн калган бөлүгүнүн чегинде сый акы алуу укугу өтөт.
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-43" title="43-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>