Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
39-статья. Фонограмманы даярдоочунун жана аткаруучунун макулдугусуз коммерциялык максаттарда жарыяланган фонограммаларды пайдалануу
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62
1. Ушул Мыйзамда 37 жана 38-статьяларынын жоболорунан алуу менен коммерциялык максатта жарыяланган фонограмманы чыгаруучунун жана аткаруусу мындай фонограммага жазылган аткаруучунун макулдугун албастан, бирок сый акы төлөө менен:
1) фонограмманы жалпы эл алдында аткарууга;
2) фонограмманы эфирге берүүгө;
3) фонограмманын жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу кабарлоого жол берилет.
Жалпыга маалымдалган фонограммалар коммерциялык максатта жарыялангандарга теңештирилет.
2. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө каралган сый акыны чогултуу, бөлүштүрүү жана төлөп берүү фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын укуктарын жамааттык негизде башкаруучу уюмдардын бири (ушул Мыйзамдын 44-статьясы) тарабынан ушул уюмдардын ортосундагы келишимге ылайык иш жүзүнө ашырылат. Эгерде ал келишимде башкача жагдайлар каралбаса, анда сөз болуп жаткан сый акы фонограмманы даярдоочулар менен аткаруучулардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.
3. Сый акынын өлчөмү жана аны төлөөнүн шарты, бир жагынан, фонограмманы пайдалануучу же ушундай пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) менен, экинчи жагынан, фонограммаларды даярдоочулардын жана аткаруучулардын укуктарын башкаруу боюнча уюмдардын ортосундагы макулдашуу менен аныкталат, ал эми, эгерде тараптар мындай макулдашууга жетише албаган учурда - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Сый акынын өлчөмү фонограмманы пайдалануунун ар бир түрү үчүн өзүнчө белгиленет.
4. Фонограммаларды пайдалануучулар ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмга фонограммалардын пайдаланылган саны жөнүндө так маалыматы бар программаларды, ошондой эле сый акыларды чогултуу жана бөлүштүрүү үчүн зарыл болгон башка маалыматтар менен документтерди берүүгө тийиш.
(КР 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2014-жылдын 21-январындагы № 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Жогорку Кенеш Кыргызской Республики от 27 июня 2011 года № 58 О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ал эми, эгерде тараптар мындай макулдашууга жетише албаган учурда - алынып салынды: Кыргызпатент кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Сый акынын өлчөмү фонограмманы пайдалануунун ар … 2011-жылдын 27-июнундагы № 58, 2014-жылдын 21-январындагы № алынып салынды: 14 кошулду: 14, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-39" title="39-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>