Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
46-статья. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюмдардын аткарган кызматы жана милдеттери
Күчүндө · 17.03.2023 редакциясы · IV бөлүм
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62
1. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюм өзү өкүлү болгон автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин атынан жана алардан алган ыйгарым укуктардын негизинде төмөндөгү кызматтарды иш жүзүнө ашырат:
1) лицензиялык келишимдерде каралган сый акынын өлчөмүн жана башка шарттарды пайдалануучулар менен макулдашат;
2) башкаруусун мындай уюм жүргүзүп жаткан укуктарды пайдалануу боюнча пайдалануучулар менен лицензиялык келишимдерди түзөт;
3) ушул уюм лицензиялар лицензиялык келишим түзбөстөн жалаң сый акыны жыйноо менен гана иш жүргүзүүгө ыйгарым укук алган учурларда пайдалануучулар менен сый акынын өлчөмүн макулдашат (ушул Мыйзамдын 26-статьясы жана 39-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрү)
4) лицензиялык келишимдерде каралган сый акыны жана (же) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган сый акыны жыйнайт;
5) жыйналган сый акыны уюмдун көрсөткөн автордук жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрөт жана төлөп берет;
6) башкаруусун ушундай уюм жүргүзүп жаткан укуктарды коргоо үчүн зарыл болгон ар кандай юридикалык аракеттерди жасайт;
7) автордук жана чектеш укуктардын ээлеринен алган ыйгарым укуктарга ылайык башка аракеттерди жүзөгө ашырат.
Ушул бөлүктүн 4 жана 5 пункттарында каралган милдеттерди жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкарган бирден ашык уюмдун аткаруусуна жол берилбейт.
2. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкарган уюм автордук жана чектеш укуктардын ээлеринин кызыкчылыктары үчүн төмөндөгү милдеттерди аткарууга тийиш:
1) ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда ылайык жыйналган сый акыны жалаң гана автордук жана чектеш укуктардын ээлерине бөлүштүрүү жана төлөп берүү максатында пайдаланылат. Мында уюм жыйналган сый акыдан жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү боюнча өзүнүн факт жүзүндө тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга керек болуучу сумманы, ошондой эле ушул уюм тарабынан анын мүчөлөрүнүн чечими боюнча түзүлүүчү атайын фондуларга жумшалуучу сумманы бөлүп алууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында чыгармаларды жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануу үчүн интеллектуалдык менчик боюнча Мамлекеттик фондуга чегериле турган каражаттардын өлчөмү белгиленет;
2) сый акынын жыйналган суммасын ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн сумманы бөлүп калуу менен чектеш укуктардын чыгармалары менен объектилерин факт жүзүндө пайдаланууга шайкеш келгидей бөлүштүрөт жана үзгүлтүксүз төлөп турат;
3) сый акыны төлөп берүү менен бир учурда автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын укуктарын пайдалануу жөнүндө отчет берип турат.
3. Мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу уюмга ушул статьянын 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда ылайык сый акыны жыйноо боюнча ыйгарым укуктарды көрсөтпөгөн автордук жана чектеш укуктардын ээлери, ага берилүүгө тийиш болгон сый акыны төлөп берүүнү талап кылууга, ошондой эле ушул уюмдун пайдалануучуларга берип жаткан лицензияларынан өз чыгармаларын жана чектеш укуктардын объектилерин алып таштоого укугу бар.
(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 120, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 ноября 1999 года №120 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах"Редакцияларды салыштыруу
17.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жумшалуучу сумманы бөлүп алууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында чыгармаларды жана чектеш … алып таштоого укугу бар.
(КР 1999-жылдын 6-ноябрындагы № алынып салынды: 120 Мыйзамынын кошулду: 120, 2023-жылдын 17-мартындагы № 62 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 678 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 17.10.2025 · № 678
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-сентябрындагы № 489 "Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруучу…Постановление · 18.09.2019 · № 489 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/17/st-46" title="46-статья - Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>