43-статья. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоону
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
жана иммунопрофилактикалоону жүргүзүүгө карата ветеринариялык талаптар
1. Диагностикалык изилдөөлөр жана жаныбарларга алдын алуучу
эмдөөлөр мамлекеттик ветеринариянын, өндүрүштүк кызматтардын, айыл өкмөттөрүндөгү кызматтардын кызматкерлери, ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча ишкердик иш жүргүзүүчү юридикалык жана ишкердиктин тиешелүү түрүн жүргүзүүгө укуктуу болгон лицензиясы бар жеке жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Диагностикалык изилдөөлөр жана алдын алуучу эмдөөлөр ветерина-
риялык эрежелердин талаптарына ылайык жана мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
3. Диагностика жана иммунопрофилактика үчүн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына ылайык катталган ветеринариялык диагностикалык жана имму- нобиологиялык дары-дармектер пайдаланылат.
4. Ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-
мектер милдеттүү түрдө сертификатталууга тийиш.
5. Ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-
мектерди сактоо жана ташуу ветеринариялык эрежелердин талаптарына жана тийиштүү дары-дармектерге карата техникалык документтердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
6. Ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-
мектерди сактоодо жана ташууда белгиленген ветеринариялык талаптардын сакталышына контроль мамлекеттик ветеринариялык көзөмөлдүн органдары жана мекемелери тарабынан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-43" title="43-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>